Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20декабрындагы ПЖ № 570 *Жарлыгына)* # Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Концепциясы ## Киришүү Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо, элдин улуттук өзгөчөлүгүн сактоо, Кыргызстандын андан ары туруктуу, ар тараптуу жана ырааттуу өнүгүүсү, ошондой эле региондо коопсуздукту жана туруктуулукту талаптагыдай деңгээлде колдоп туруу үчүн маанилүү процесс болуп саналат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын натыйжалуулугу, сапаты жана анын жалпысынан туруктуу иштеши Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү ролуна жана ордуна расмий таанылган көз караштардан, анын улуттук баалуулуктарынан, кызыкчылыктарынан жана максаттарынан, өлкөдө, региондо жана дүйнөдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен тышкы жана ички реалдуу жана потенциалдуу коркунучтарга каршы туруунун ыкмаларынан жана каражаттарынан көз каранды. Чакырыктардын жана коркунучтардын трансформациясы улуттук коопсуздук концепциянын жана анын негизинде иштелип чыккан пландардын, доктриналардын жана стратегиялардын актуалдуулугуна үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүүнү талап кылат. Улуттук коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарынын алдын алуу боюнча чаралар бул Концепцияны ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан пландарга, стратегияларга жана доктриналарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен толукталышы мүмкүн жана толукталууга тийиш. Мындай мамиленин натыйжасында гана Концепцияны ишке ашыруу коомду сактоого, адамдык потенциалды өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатууга, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө, өнүктүрүүнүн улуттук максаттарын аткарууга, атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жана эл аралык абройду жогорулатууга максималдуу өбөлгө түзөт. ## 1. Жалпы Жоболор 1.1. Концепцияда Колдонулуучу Негизги Түшүнүктөр Концепцияда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы - жашоотурмуштун бардык чөйрөлөрүндө узак мөөнөттүү келечекке карата тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча максаттарга жана милдеттерге көз караштардын расмий кабыл алынган системасы; улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү кызыкчылыктарынын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун кепилдик кылынган абалы; улуттук кызыкчылыктар - узак мөөнөттүү келечекке карата мамлекеттин тышкы жана ички саясатынын негизги максаттарын, стратегиялык жана күнүмдүк маселелерин аныктаган керектөөлөрдүн жыйындысы, аларды ишке ашыруунун натыйжасында инсандын, коомдун жана мамлекеттин болушу жана прогрессивдүү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү ишенимдүү камсыз кылынат; улуттук коопсуздуктун коркунучтары - инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч жаратуучу шарттардын жана факторлордун жыйындысы; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу - мамлекеттик бийлик органдарынын жарандык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө улуттук коопсуздуктун коркунучтарына каршы аракеттенүүгө багытталган саясий, укуктук, аскердик, социалдык-экономикалык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чараларды ишке ашыруусу; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы - мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарынын укуктук ченемдеринин жана принциптеринин, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуучу каражаттардын, ыкмалардын жана багыттардын атайын түзүлгөн жана негиз салуучу жыйындысы; экономикалык коопсуздук - ар кандай коркунучтардын таасири астында туруктуу иштешин камсыз кылуучу, социалдык-экономикалык процесстерди ишенимдүү башкарууну калыптандырууга, коомдук муктаждыктарды зарыл болгон масштабдарда канааттандырууга, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде инсандын, коомдун жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берүүчү экономиканын абалы; маалыматтык коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан корголгон абалы; азык-түлүк коопсуздугу - республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгы камсыз кылынган жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берилген экономиканын абалы; энергетикалык коопсуздук - өлкөнүн керектөөчүлөрүн отун жана энергия менен жетиштүү жана ишенимдүү камсыз кылууда өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы камсыз кылынган экономиканын абалы; коррупция - социалдык укукка каршы көрүнүш, ал негизинен конкреттүү мыйзам бузуу түрүндө билдирилет. Ага пара алуу, опузалоо же берүү гана эмес, жарандардан жана мамлекеттен материалдык баалуулуктарды уурдоо да кирет. Ал мамлекеттин көзөмөлүндө болбогон саясий, экономикалык жана социалдык укуктук мамилелердин бүтүндөй системасы, анын натыйжасында финансылык, материалдык жана башка ресурстардын олуттуу мыйзамсыз (коррупциялык) жүгүртүлүшү камсыз кылынат; экологиялык коопсуздук - мүмкүн болуучу терс антропогендик жана табигый таасирлерден жаратылыш чөйрөсүн жана адамдын жашоого маанилүү кызыкчылыктарынын корголгон абалы; демографиялык коопсуздук - демографиялык коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин корголгон абалы. ## 1.2. Улуттук Коопсуздукту Камсыз Кылуунун Укуктук Негиздери Бул Концепциянын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт. ## 2. Улуттук Коопсуздукту Камсыз Кылуу Чөйрөсүндөгү Учурдагы Абал 2.1. Кыргыз Республикасы Заманбап Дүйнөдө Кыргызстан эл аралык коомчулукка кошулуу менен ага ийгиликтүү ыңгайлашты. Кыргыз Республикасы жайгашкан регион туруксуздуктун мезгилдүү толкундары менен мүнөздөлөт. Кыргыз Республикасы төрт мамлекет менен чектешет. Жети облустун ар бири чек аралык аймак болуп саналат, 40 административдик райондун 8 району гана коңшу мамлекеттер менен чектешпейт. Кыргызстандын чектеринин алкагы жана анын кеңири курчоосу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына түз же кыйыр таасирин тийгизүүчү ар кандай процесстер жүрүүдө. Мамлекеттер аралык мамилелер жана региондор аралык байланыштардын мурда түзүлгөн системасына коронавирустун пандемиясы олуттуу таасирин тийгизди, ал болуп көрбөгөндөй адамдык жана экономикалык жоготууларга алып келип, дүйнөлүк саясатта ар кандай процесстердин катализатору болуп калды. Эл аралык соода карантиндин киргизилиши, өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы, жүк ташуулардын чектелиши жана суроо-талаптын кыскарышы менен шартталган төмөндөөлөргө туш болду. Мунай затка баалар кескин арзандап, фондулук рыноктордун кыйроосуна алып келди. Соодалык чектөөлөр жана протекционисттик тенденциялар кыйла күч алды. Белгилүү бир мезгилдин аралыгында көпчүлүк өлкөлөр коммерциялык ишмердиктин жаңы шарттарын киргизип жатышты, анын ичинде медициналык товарларды экспорттоого тыюу салуу, ошондой эле ички азык-түлүк рынокторуна колдоо көрсөтүү үчүн тамак-аш азыктарын экспорттоого чектөөлөрдү киргизишти. Мында, анын аркасында болгон чектөө чараларынын жалпы жеңилдетилишине карабастан, көпчүлүк соода чектөөлөрүн колдонулушу улантылып жатат. Бүтүндөй алганда, пандемиянын адамзатка тийгизген таасиринин масштабдарына баа бериле элек. Инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалдын андан ары өрчүшүн так болжолдоого болбойт, бул дүйнөлүк экономикалык кризистин узак мөөнөткө созула турганын жана дүйнөлүк экономикада жаңы түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн пайда болуу мүмкүндүгүн айгинелейт. Эл аралык мамилелердин жаңы реалдуулугунда мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктары саясаттын жогорку артыкчылыгы болуп калды, ал эми жаратылыш ресурстарына болгон күрөштүн курчушу уланууда. Айрым мамлекеттер, аскердик-саясий блоктор, саясий жана экономикалык эл аралык бирикмелер тарабынан кабыл алынуучу стратегиялык чечимдердин белгисиз болуусу азыркы учурдун өзгөчөлүгү болуп калды. Глобалдуу жана региондук туруктуулук үчүн гана эмес, өздүк союздаштардын кызыкчылыктары үчүн дагы терс кесепеттердин келип чыгуу ыктымалдыгы көңүлгө алынбай жатат. Дүйнөдөгү абалдын өнүгүү мүнөзүн төмөнкүдөй бир катар фактор аныктайт; - күчтүн алдынкы борборлорунун ортосунда эл аралык аренада үстөмдүк кылуу үчүн жабык жана ачык формалардагы күрөш, ошондой эле региондук деңгээлде табияты боюнча окшош процесстер; - кош стандарттар жана айрым глобалдуу оюнчулар тарабынан эл аралык укуктарды системалуу манипуляциялоо жана анын кесепети катары Бириккен Улуттар Уюмунун, ошондой эле башка жалпы таанылган коопсуздук институттарынын аброюнун төмөндөшү, мамлекеттер аралык карамакаршылыктарды жана чыр-чатактарды жөнгө салуунун мүмкүнчүлүктөрүн жоготуу; - эл аралык мамилелерде экономикалык, саясий, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө санкциялык чараларды көп колдонуу; - мамлекеттерди башкаруу системасына маалыматтык-техникалык жана маалыматтык-психологиялык таасир тийгизүү ыкмаларын активдештирүү; - өлкөлөр жана элдердин ортосунда ишеним көрсөтүү кризисинин өсүшү; - глобалдык жана региондук эл аралык интеграциялык бирикмелердин форматтарында өзүнө алынган милдеттенмелерди бир же бир нече тараптардын ачык же жаап-жашырып бузушу; - маалымат талаасында өлкөлөргө, уюмдарга жана адамдарга ар кандай зыян алып келүүчү бурмаланган материалдардын агымы; - эл аралык укуктун ченемдерин бузуу менен куралдуу күчтөрдү колдонуу; - саясий максаттарга жетүү үчүн мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жана террористтик топторду колдонуу. Ошентип, мамлекеттерди өнүктүрүүнүн маанилүү чөйрөлөрүндө жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн мурда белгиленген эрежелеринде дүйнөлүк тренддердин өзгөрүүсүнүн жыйындысы деглобалдаштыруу боюнча жалпы тенденцияны белгилейт. Мындай экономикалык, саясий, аскердик, климаттык жана башка шарттарда Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүүсүн, элдин жыргалчылыгын жакшыртуунун жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жаңы жолдорун издөөнү улантып жатат. Өлкө дүйнөлүк процесстерде өзүнүн потенциалына жана ролуна ылайык жана кызматташтыктын бардык форматтарында мурда жетишилген бардык макулдашууларын жана милдеттенмелерин сактоодо ишенимдүүлүктү жана туруктуулукту сактап, курчап турган дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жана тенденцияларга жараша эл аралык иштеринде өзүнүн багыт алуусу башкы жол болуп саналат. Кыргызстан бардык глобалдык жана региондук көйгөйлөрдү чечүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Коопсуздук Кеңешинин алдынкы ролун сактоону ырааттуу колдоп келет. Кыргыз Республикасынын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда, Шанхай кызматташтык уюмунда, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде, Евразия экономикалык бирлигинде мүчөлүгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында артыкчылыктуу болуп саналат. Эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана жалпы коопсуздукту сыйлоо принциптеринде достук чөйрөнү жана ынак коңшулук мамилелерди калыптандыруу Кыргызстандын тышкы саясий ишинде негизги мааниге ээ. Азыркы учурда Кыргызстандын коомчулугу тез бириге калууда, мамлекеттик башкаруунун алгоритмдери жана түзүмдөрү калыптанды, ошондой эле чакырыктардын жана коркунучтардын алдын алуунун жана жоюунун, эгемендикти, улуттук кызыкчылыктарды, аймакты жана калкты коргоонун механизми бар. Ошону менен бирге, белгилүү болгон тарыхый мезгилдерде коомдогу турбуленттүүлүк кырдаалынын келип чыгуучу жагдайлары улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын бир катар элементтеринин сырттан болгон таасирлерге белгилүү бир туруксуздугун жана анын төмөн натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Кыргызстандын экономикасы региондун эң ачык экономикасы болуп саналат. Бирок анын импорттон, алтынды өндүрүүдөн, мигранттардын акча которууларынан, транзиттик соодадан жана тышкы жардамдан көз каранды болуусу тышкы жана ички соккуларга карата аялуу болууга алып келет. Өлкөнүн экономикасынын иштеп жаткан модели, артыкчылыктуу тармактарын аныктоо улантылып жаткан пандемиялык кризистин сабактарынан, актуалдуу глобалдык тенденциялардан, эл аралык инвестициялык агымдардын кыймылынан, санарип мейкиндикте өлкөнүн ордун аныктоодон улам кайра каралып чыгууга муктаж. Кыргызстан ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү, санарип көндүмдөрдү өнүктүрүү, тиешелүү мамлекеттик институттарды жана инфратүзүмдөрдү түзүү менен санариптик трансформациялоо жолуна бекем турду. Коомдук мамилелер, маданият, улуттар аралык ынтымак чөйрөсүндө мамлекет жарандык коом менен бирдикте салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо, өзүнүн маданиятын жана өзүнчөлүгүн сактоо, ошондой эле элдин улуттук өзгөчөлүгүн бузуу, бөтөн, тарыхый жана менталдык жактан мүнөздүү болбогон тартиптерди таңуулоо боюнча сырттан өсүп келе жаткан басымга каршы турууда улутуна, дин тутуусуна жана социалдык топторго карабастан, республиканын бардык жарандарына бирдей мүмкүнчүлүк берүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн эбегейсиз күч-аракет жумшайт. ## 2.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздугуна Келтирилген Негизги Тышкы Жана Ички Коркунучтары Тышкы Коркунучтар 1. Эл аралык жана региондук уюмдардын аброюнун жана таасиринин төмөндөшүнө байланыштуу дүйнөлүк алдыңкы державалардын жана региондогу аскердик-саясий блоктордун ортосундагы каршылыктын күчөшү жана геосаясий кызыкчылыктардын кагылышуусу, ошондой эле айрым мамлекеттердин мурда өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбоосу. 2. Куралдуу жаңжал жана жогорку террористтик активдүүлүк зоналарында аскердик-саясий абалдын кескин өзгөрүп тургандыгына байланыштуу эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдардын Борбор Азиялык мамлекеттерге жана түздөн-түз Кыргыз Республикасына карай сакталып калган кылмыштуу жана туруксуздаштыруучу багыттары. 3. Чет өлкөлүк, анын ичинде Борбор Азия регионундагы өлкөлөрдөн чыккан жоочулардын чабуулдун потенциалдуу объекти болгон мамлекетке өтүүсү же жиреп кирүүсү үчүн ыңгайлуу болгон локацияларда топтолуунун улантылып жаткан процесси. 4. Эл аралык терроризмдин, диний экстремизмдин жана сепаратизмдин масштабдарынын кеңейиши, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү террористтик жана экстремисттик көрүнүштөр жана Интернет түйүндөрүндө азгырма жалдоо жана үгүттөө ишинин күч алышы. 5. Диний экстремизмдин чет өлкөлүк борборлорунун жана салттуу эмес диний агымдардын Кыргыз Республикасында бөтөн жана бузуку идеологияны импорттоо жана жайылтуу боюнча активдүү иштери. 6. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңгизат каражаттарын жана прекурсорлорду, анын ичинде оор баңгизаттарды транзит менен өткөрүү көлөмүнүн өсүшү, ошондой эле чектеш өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына психотроптук каражаттарды ташып киргизүү көлөмүнүн көбөйүшү. 7. Трансчек аралык жана трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун ишинин масштабдарынын кеңейиши. 8. Чалгындоо операцияларын жүргүзүү максаттарында чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын маалыматтык мейкиндикке кийлигишүүсү; эл аралык хакердик бирикмелердин бузуку иши, Интернет-мейкиндигинде бузукулук пропаганданын күч алышы. 9. Чет өлкөлүк атайын кызматтардын чалгындоо-бүлдүрүү иши, ошондой эле мамлекеттин жана коомдун ишин камсыз кылуунун бир нече же көптөгөн жашоого маанилүү чөйрөлөрүнө гибриддик чабуулдардын коркунучтары. 10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кол тийбестигине болгон коркунуч жана аны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процесстердин аягына чыкпагандыгына байланыштуу аскердик агрессия. 11. Өлкөнүн отун-энергетикалык импортко көз карандылыгынын шарттарында региондо суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу. 12. Глобалдуу жана региондук климаттык жана экологиялык өзгөрүүлөр, анын кесепеттери өлкөнүн мөңгү жана суу ресурстарынын аянттарынын кыскарышына алып келүүдө. 13. Пандемиянын, эпидемиянын жана башка биологиялык коркунучтардын жайылышы. 14. Эл аралык деңгээлде улуттук кызыкчылыктарга, саясий жана экономикалык абройго зыян келтирүү аракеттери. ## Ички Коркунучтар 1. Мамлекеттик органдарда жана жеке сектордо коррупциялык көрүнүштөрдүн деңгээлинин жогорулашы, мамлекеттик кызматчылардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн кеңири чөйрөсүнүн коррупциялык кылмыштарга тартылуусу. 2. Кылмыштуулуктун деңгээлинин жогорулашы, оор жана өзгөчө оор кылмыштын айрым түрлөрү боюнча жагымсыз криминогендик кырдаал, анын ичинде бийликтин бардык деңгээлдериндеги чиновниктердин жана криминалдык түзүлүштөрдүн ортосундагы тыгыз байланыштарды түзүү аркылуу өзүнүн кылмыштуу ишине жаштарды жана мамлекеттик кызматчыларды тартуу менен уюшкан кылмыштуулуктун ишинин күч алышы, капиталды, баңгизат каражаттарын, куралды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга кызмат адамдары тарабынан колдоо көрсөтүүсү. 3. Баңгилик, алкоголизм көйгөйүнүн курчушу жана коомдун криминалдашуусунун өсүшү, жаштардын кылмыштарды жасоого барган сайын көбүрөөк тартылуусу жана алардын криминалдык дүйнөнүн идеяларын кармануусу. 4. Көпчүлүк учурда массалык каршылык акцияларга жана баш аламандыкка алып келүүчү социалдык-саясий абалдын курчушу. 5. Кыргызстанда радикалдык диний агымдардын кеңейиши жана конфессиялар аралык каршылыктардын курчушу, анын ичинде улуттар аралык, конфессиялар аралык чыр-чатактардын жана сепаратизм көрүнүштөрүнүн көбөйүшү. 6. Ички террористтик жана экстремисттик жашыруун уюмдардын, өзгөчө терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун арасында кылмыштуу иш, ошондой эле алардын криминалитет жана уюшкан кылмыштуу коомдор менен биригүүсү. 7. Социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде бузукулук иштин активдешүүсү, анын ичинде билип туруп жалган жана анык эмес маалыматты жайылтуу, террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жайгаштыруу жана экстремисттик, террористтик уюмдардын катарына кошулуу чакырыктары, массалык баш аламандыктарга жана каршылык акцияларына чакырыктар, жашоонун криминалдык мүнөзүн, суицидди пропагандалоо, баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуу жана биринчи кезекте жаш муунга терс таасирин тийгизүүчү укукка каршы башка маалыматтар. 8. Терроризмди каржылоону жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) аныктоо жана иликтөө, ошондой эле конфискациялоого тийиш болгон кылмыштуу активдерди табуу жана камакка алуу боюнча укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугунун төмөндөшү. 9. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунун төмөндөшү, бюрократиялаштыруу, бюджеттик каражаттарды жана мамлекеттик мүлктү максатсыз пайдалануу, кадрдык потенциалдын төмөн деңгээли жана кадр саясатын жүргүзүүдө жердешчиликтин, кландуулуктун, протекционизмдин жана фаворитизмдин белгилеринин орун алышы. 10. Адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндигин жана мыйзамдын үстөмдүгү принцибин бузуу, сот адилеттигине тең жеткиликтүүлүктүн жоктугу. 11. Жарандардын укуктук нигилизминин өсүшү жана жарандык коомду өнүктүрүүнүн жетишсиз деңгээли. 12. Саламаттык сактоонун сапатынын төмөндөшү, калктын ден соолугунун начарлашы, анын ичинде өлүмгө учуроонун жогорулашы. 13. Контролго алынбаган миграция, эмиграциялык процесстердин активдешүүсү. 14. Өлкөнүн билим берүү сапатынын жана интеллектуалдык потенциалынын төмөндөшү, элдин маданий жана моралдык-руханий мурасын жоготууга алып келүүчү терс тенденциялар. 15. Мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлинин төмөндөшү, Куралдуу Күчтөрүнүн техникалык жактан жетишсиз жабдылышы, Куралдуу Күчтөрдүн субъекттеринин ортосунда так өз ара аракеттенүүнүн жана координациянын жоктугу. 16. Өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин жана ата мекендик маалымат ресурстарынын корголуусун камсыз кылуу боюнча жетишсиз мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле заманга ылайык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды түзүү жана маалыматтык мейкиндикти коргоо жаатында олуттуу прогресстин жоктугу. 17. Климаттык өзгөрүүлөр жана экологиялык кырдаалдын, анын ичинде ичүүчү суунун сапатынын начарлашы, табигый кырсыктар жана табигый жана техногендик мүнөздөгү башка өзгөчө кырдаалдар, пандемиялар, эпидемиялар жана эпизоотиялар. 18. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ага жооп кайтаруунун учурдагы системасынын натыйжалуулугунун жетишсиздиги. 19. Экономикалык жана финансылык системанын туруктуулугунун төмөндөшү, көмүскө экономиканын өсүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланбоо, инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү, капиталды чет өлкөгө контролсуз ташып чыгаруу. 20. Тамак-аш азыктарын импорттоого көз каранды болууга алып келүүчү өндүрүштүн, өзгөчө агрардык сектордогу өндүрүштүн масштабдарынын кыскарышы, экспорттук жана транзиттик потенциалдын төмөндөшү. 21. Айрым топтордун жана жарандардын тар ведомстволук, аймактык жана кландык кызыкчылыктарынын мамлекеттин кызыкчылыктарынан басымдуулук кылуусу. ## 3. Улуттук Коопсуздукту Камсыз Кылуунун Принциптери Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: 1) мыйзамдын үстөмдүгү; 2) үй-бүлөнүн, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин урматтоо жана анын артыкчылыгы; 3) мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды жана жыйымдарды төлөөнүн милдеттүүлүгү; 4) инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү болгон кызыкчылыктарынын балансын сактоо; 5) коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун бүтүндөй системасында алдын ала эскертүүчү чаралардын артыкчылыктуулугу; 6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүнүн ортосундагы натыйжалуу координациялоо, макулдашылган иш-аракеттер жана маалымат алмашуу; 7) мамлекеттин ресурстарын өз учурунда жана комплекстүү пайдалануу, ошондой эле улуттук коопсуздукка келтирилген зыяндын же потенциалдуу зыяндын масштабдарына жана мүнөзүнө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын адекваттуулугу; 8) каржылоо булактарынын жана материалдык-техникалык камсыз кылуунун жетиштүүлүгү; 9) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алуудагы транспоренттүүлүк; 10) улуттук системаны эл аралык коопсуздук системаларына иитеграциялоо; 11) инсандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги; 12) мамлекеттик органдардып ыйгарым укуктарын так чектөө. ## 4. Негизги Максаттар Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: 1) конституциялык түзүлүштү сактоо, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн, мамлекеттик жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу; 2) бардык этностук топтордун жана конфессиялардын ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө; 3) терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү; 4) мыйзамдын үстөмдүгү жана укук тартибин бекемдөө; 5) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин кынтыксыз сактоо жана аларды мыйзамсыз кол салуудан коргоо; 6) адамдын өмүрүн, ден соолугун жана менчиктин бардык формаларын сактоо жана коргоо; 7) коомдук, экономикалык, финансылык, социалдык, саясий, экологиялык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу; 8) укук коргоо органдарынын системасын өнүктүрүү; 9) калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо; 10) коррупцияны жоюу жана анын кандай болбосун көрүнүштөрүнө нөлдүк толеранттуулук атмосферасын түзүү; 11) мамлекеттин жана жарандык институттардын өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү; 12) өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу; 13) Мамлекеттик чек аранын коопсуздугу жана бүтүндүгү; 14) тышкы таасирлерге туруктуу болгон экономикалык өсүүнүн моделине өтүүнү камсыз кылуу, жогорку өндүрүмдүү жумушчу орундарын түзүүчү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга негизденген, калктын кирешесин жогорулатуу үчүн шарттарды түзгөн чөйрөнү калыптандыруу; 15) калктын бакубаттуулук деңгээлин, социалдык жактан корголушун, укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; 16) укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу жана салттуу руханий-адепахлактык баалуулуктарды бекемдөө; 17) айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо; 18) отун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу; 19) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү; 20) мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоону камсыз кылуу. ## 5. Улуттук Коопсуздукту Камсыз Кылуу Чөйрөсүндөгү Улуттук Кызыкчылыктар Улуттук кызыкчылыктар бул Концепциянын негизи болуп саналат. Кыргыз Республикасында, Борбор Азиялык региондо жана дүйнөдө Кырдаалдын өрчүүсүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү тенденцияларын эске алуу менен заманбап этапта төмөнкүлөр өлкөнүн кызыкчылыктары болуп саналат: 1) аймактык бүтүндүк, эгемендүүлүк, көз карандысыздык, конституциялык түзүлүштүн кынтыксыздыгы жана жогорку коргонуу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтардан коргоонун натыйжалуу системасы; 2) Кыргызстандын элинин биримдиги, үй-бүлөнүн, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, этностор аралык, региондор аралык, конфессиялар аралык жапа дин аралык карама-каршылыктарга жол бербөө; 3) салык милдеттемелерин аткаруу жана аларды камсыз кылуу; 4) укуктук тартип, укуктук мамлекет, коомду жана коомдук мамилелерди декриминалдаштыруу, кылмыштуулукка, анын уюшкан формаларына каршы күрөшүү, жарандардын, айрыкча жаш муундун криминалдык чөйрөгө, террористтик жана экстремисттик уюмдарга тартылуусуна каршы аракеттенүү; 5) кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү; 6) коррупциянын алдын алуу жана ага карата нөлдүк толеранттуулук; 7) жогору өнүккөн жана өзүн-өзү камсыз кылган экономика жана калктын жашоосунун татыктуу деңгээли, жакырчылыкка каршы күрөшүү; 8) дени сак жана билимдүү эл; 9) адамзаттык жана интеллектуалдык потенциалдын жогорку деңгээли, маданиятты жана салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо; 10) жагымдуу айлана-чөйрө, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттеринен коргоо; 11) мамлекетти башкаруунун натыйжалуу системасы жана активдүү жарандык коом; 12) туруктуу саясий система жана бийликтин көздөгөн багытын улантууну камсыз кылуу; 13) эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен оз ара пайдалуу кызматташуу. ## 6. Улуттук Коопсуздукту Камсыз Кылуу Системасы Улуттук кызыкчылыктарды коргоо улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы тарабынан, инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү кызыкчылыктарына болгон коркунучтарга ылайык экономикалык, экологиялык, саясий, уюштуруучулук, идеологиялык тартиптин чаралары системасынын коопсуздугунун кепилдиги чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО), министрликтер, ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка түзүмдөрү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу органдары болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, аткаруу бийлигин жетектеген мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы катары улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты аныктайт жана чечимдерди кабыл алат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын жалпы башкаруу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши улуттук коопсуздук жаатында мыйзамдарды кабыл алат, республикалык бюджетти, анын ичинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын мамлекеттик органдарынын бюджетин бекитет, өзгөчө абалды киргизет, согуш жана тынчтык, согуш абалын киргизүү, согуш абалын жарыялоо маселелерин чечет, тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин, ушул Концепцияны, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы доктриналардын, максаттуу программалардын, пландардын жана директивалардын аткарылышын камсыз кылат; өлкөнү коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; өзүнүн карамагында турган аткаруу бийлиги органдарынын ишин жетектейт жана координациялайт. Министрликтер, мамлекеттик комитет, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБО өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде, мыйзамдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат; мыйзамдарга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө жарандарды, коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет. Соттор улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында сот адилеттигин жүргүзөт; жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, уюмдардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын соттук коргоону ишке ашырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) улуттук коопсуздук көйгөйлөрүн калыс чагылдырууну камсыз кылат жана аларды ачык талкуулоого көмөктөшөт; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйлөрү боюнча коомдун ойпикирин түзөт. Уюмдар жана жарандар улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарды табууга, алдын алууга жана жоюуга, улуттук коопсуздукту иш жүзүндө камсыз кылуу маселелерин талкуулоого катышат; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын ишине коомдук контролду ишке ашырат. Тышкы коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, дипломатиялык кызмат органдары, укук коргоо жана башка органдары саналат. Ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана өзүнүн компетенциясына ылайык башка мамлекеттик органдар ички коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү болуп саналат. Ички коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү зарыл болгон учурларда жана өздөрүнүн функцияларынын жана компетенцияларынын алкагында тышкы коркунучка жооп кайтаруу жана тышкы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүн колдонууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасы өзүнүн функцияларын кандай болбосун шарттарда ишенимдүү жана үзгүлтүксүз аткарууга тийиш жана өзүнө бул Концепциянын идеяларын жана жоболорун калктын кеңири катмарына пропагандалоо жана жеткирүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камтыйт. ## 6.1. Мамлекеттик Жана Коомдук Коопсуздук 6.1.1. Терроризм, Экстремизм, Коомдун Радикалдашуусу Кыргыз Республикасына куралдуу чыр-чатактардын аймактарындагы абал жана террористтик активдүүлүк өзүнүн таасирин тийгизүүнү улантып жатат. Афганстандын түндүгүндө ар кандай радикалдык террористтик жана экстремисттик уюмдардын орун алышы жана жогорку концентрациясы коомдуксаясий абалды туруксуздаштыруу, террористтик акцияларды уюштуруу жана ислам халифатын түзүү боюнча пландарын ишке ашырууга аракет кылуу максатында коңшу мамлекеттердин аймагына жана андан ары Кыргызстанга бандиттик түзүлүштөрдүн мүмкүн болгон кирүүсү үчүн реалдуу шарттарды түзүүдө. Эл аралык экстремисттик-террористтик түзүмдөр тарабынан миссионерлердин жана фонддордун, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-ресурстардын көп сандаган категориялары колдонулууда; экстремисттик адабият жана калкка идеологияларды таңуулоо үчүн башка атрибуттары ташып киргизилүүдө. Мамлекеттик башкаруунун светтик системасын жоюу боюнча шарттарды түзүү үчүн саясий жана диний экстремизмдин, терроризмдин, сепаратизмдин, баңгизат мафиясынын жана башка криминалдык түзүмдөрдүн күчтөрүн бириктирүү боюнча болгон күч-аракеттер көрүлүүдө. Диний негизде калкты радикалдаштыруу жана коомду туруксуздаштыруу себебинен социалдык-саясий кырдаалды курчутуунун потенциалдуу коркунучу орун алган, мында коюлган максаттарга жетүү үчүн руханий жана культтук негиздер кандай болбосун каражаттарды, анын ичинде күч колдонууга жол берүүчү идеологиялык инструментке айланган. Кыргызстанда тиешелүү лобби түзүү максатында динди саясатташтыруу байкалууда. Айрым диний уюмдардын бузукулук ишмердиги кайрымдуулук, билим берүү же башка социалдык маанилүү ишти жамынуу менен ишке ашырылат жана белгилүү бир этапта экстремизмдин жана зомбулуктун белгилерин көрсөтпөйт, бирок жарандарга, коомго жана бүтүндөй өлкөгө коркунуч келтирүүдө. Жаштардын арасында, көп учурда чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелерине ар кандай жолдор менен эч контролсуз кетип жаткан адамдардын туруктуу өсүшү катуу тынчсызданууну жаратууда. Алардын айрымдары экстремисттик уюмдардын ишине тартылууда. Кыргызстанга кайтып келүү менен алар бөтөн идеологияны жана саясатты жайылтуучу жана диний үгүттөөчү болуп калышат. Экстремисттик диний уюмдар негизинен жаштарга жана аялдарга багытталууда, алар коомдук туруктуулук жана коопсуздук, коомдун руханий турмушуна жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар үчүн бүлүндүрүүчү болуп саналат. Аталган тенденциялар экстремизмдин масштабдуу жайылуу коркунучуна алып келет. Экстремисттик көрүнүштөрдү бүтүндөй дин менен байланыштырбастан, анын радикалдуу формаларына каршы аракеттенүү зарыл. Кыргыз Республикасынын аймагында терроризмдин жана экстремизмдин жайылтуусун алдын алуу максатында төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) билим берүү жана агартуучулук иш-чаралары аркылуу диний экстремизмди алдын алууну системалуу түрдө жүргүзүү, ошондой эле радикалдашуунун себептерине терең талдоо жүргүзүү жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү; 2) диний-экстремисттик жана террористтик идеологиялардын маңызынын жана алардын коом менен мамлекет үчүн зыянынын бетин ачуучу материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда системалуу чагылдыруу; 3) стратегиялык объекттерди, калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу инфратүзүмүн, адамдардын массалык топтолгон жерлерин, өлкөнүн коргоо-өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекси уюмдарын, транспорттук инфратүзүм объекттерин, башка жашоого маанилүү жана потенциалдуу кооптуу объекттердин терроризмге жана диверсияга каршы коргоо деңгээлин жогорулатуу; 4) террористтик, экстремисттик жана башка бузукулук материалдарды жайылтуунун, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын катарына жаңы адепттерди тартуунун алдын алуу, аныктоо жана ага бөгөт коюу үчүн интернет-мейкиндигине натыйжалуу мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик, айрым учурларда мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана жогорулатуу; 5) чалгындоо-бүлдүрүү ишинен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого зарыл болгон деңгээлине жетүү жана аны камсыздоо үчүн чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин түзүү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын милдеттерин, принциптерин аныктоо жана ишин жөнгө салуу; 6) агрессивдүү прозелитизмди жана диний идеологияга мажбурлоонун башка көрүнүштөрүн алдын алуу максатында миссионердик ишти контролдоо; 7) диний радикализмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин көрүнүштөрүн, баарынан мурда жаштар чөйрөсүндө аныктоо жана анын алдын алуу; 8) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоонун булактарын аныктоо жана жок кылуу; 9) жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон адамдардын мыйзамсыз ишин, ошондой эле алардын криминалитет менен биригүүсүн болтурбоо; 10) терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. ## 6.1.2. Криминогендик Кырдаал Жана Транс Чек Аралык, Уюшкан Кылмыштуулукка Каршы Күрөш Кыргыз Республикасында мезгил сайын кылмыштуулуктун өсүшү байкалууда. Укук бузуулардын алдын алуу жана эскертүү системасы натыйжасыз иштөөдө. Экономикага, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө жана саясий процесстерге кийлигише баштаган уюшкан кылмыштуу коомдун ролу жана абалы барган сайын күчөп жатат. Этнос аралык, региондор аралык, конфессиялар аралык жана дин аралык чыр-чатактар туруксуздаштыруучу таасир тийгизүүдө. Криминогендик кырдаалдын абалына терс таасир тийгизүүчү кошумча факторлорго баңгилик жана алкоголизм кирет, алар ар кандай тартип бузууларды жасоонун катализатору гана болбостон, генофонд жана бүтүндөй өлкөнүн келечеги үчүн реалдуу коркунуч болуп калууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык азыркы учурда баңгизаттык жана алкоголдук көз карандылык менен 43 миңден ашык адам наркологиялык каттоодо турат. Ошол эле учурда эксперттердин жана эл аралык уюмдардын баалоосу боюнча алардын реалдуу саны расмий статистикадан бир нече эсеге көбүрөөк болушу мүмкүн. Азыркы учурда салттуу делген баңгизаттар (героин, канабис ж.б.) менен бирге синтетикалык баңгизаттар (амфетамин, ар кандай химиялык туздар, спайс, экстази ж.б.) кеңири таралган. Алар өспүрүмдөр арасында кеңири жайылган, анткени алар көбүрөөк жеткиликтүү жана аларды жүгүртүү бардык эле учурда мыйзам менен жөнгө салына бербейт, себеби мыйзамдарда өксүктөр жана химиялык курамдардын көп вариативдүүлүгү орун алган. Баңгилик жана алкоголизм менен ооруган адамдардын көп саны коомдогу укуктук тартипке жана туруктуулукка олуттуу коркунучту келтирүүдө, анткени алар тарабынан жалпы жазык кылмыштарынын олуттуу бөлүгү жасалат жана алар ар кандай бузуку күчтөрдүн таасирине оңой кабылышат. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн жана аны менен байланышкан уюшкан кылмыштуулуктун ар кандай формаларынын ортосунда туруктуу байланыш байкалууда. Баңгизаттар менен мыйзамсыз операциялардын жогорку кирешелүүлүгү, мыйзамдуу сооданы жана финансылык ишти бузгандан тышкары, өзү менен дагы бир проблеманы - мамлекеттик кызматкерлердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коррупцияланышына жана алардын криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен биригүүсүнө алып келет. Кылмыш дүйнөсүндө финансы каражаттарынын көмүскөдө жүгүртүлүшүнүн жогорку деңгээлде болушуна карабастан, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө жана соттук куугунтуктоо иш жүзүндө жүргүзүлбөйт, компетенттүү органдар эл аралык кызматташтыктын алкагындагы өз ара укуктук жардамдын мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү түрдө натыйжалуу пайдаланышпайт. Муну менен катар криминалдык чөйрөнү идеалдаштыруу Кыргызстандын жаш муунунун өкүлдөрүнүн арасында алардын тарапташтарын пайда кылат. Кылмыштуу дүйнөнүн идеялары көчөлөрдө жана билим берүү мекемелеринде өспүрүмдөрдүн арасында өз ара мамиле түзүүдө терең орун алган, бул оз кезегинде балдар кылмыштуулугунун өсүшүнө алып келет. Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукка жүргүзүлгөн талдоо өспүрүмдөр чөйрөсүндө криминалдашуунун деңгээлине мыйзамдуу жөнгө салуудагы боштуктар, укук колдонуу практикасынын жетиле электиги, коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык процесстер таасир тийгизе турганын күбөлөндүрөт. Укуктук нигилизм, жетишсиз тарбия жана алдын алуу иштери, үйбүлөдөгү начар абал, окууга мотивациялоонун төмөндүгү, курдаштары менен чырчатактар, ошондой эле Кыргызстан элинин каада-салтына жана менталитетине жат болгон ырайымсыз индивидуализмге, зордук-зомбулукка үгүттөгөн массалык маданияттын өтө начар үлгүлөрүн кеңири жайылтуу укук бузуулардын азыктануучу чөйрөсү болуп саналат. Ошол эле учурда 2019-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 2020-2021жылдары аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын санынын олуттуу түрдө өсүшү байкалууда. Ушундай эле көрүнүш кылмыштарды жасоого жашы жете элек балдардын тартылуу фактылары боюнча байкалууда, алардын саны 2 эсеге көбөйгөн. Жумушсуздардын санынын өсүшү кылмыштуулуктун өсүшүнө да таасирин тийгизет. СОVID-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясынын натыйжасында калктын бир бөлүгү, ошондой эле эмгек мигранттары туруктуу иш ордун жоготушкан. Жашоо үчүн каражат издөөдө айрым адамдар өзгөчө мүлктүк укуктар менен байланышкан ар кандай укук бузууларды жасаганга барышат. Криминогендик жагдайдын начарлашы укуктук, атайын жана башка мүнөздөгү чаралардын комплекстүү системасын иштеп чыгуу, кылмыштардын жана укук бузуулардын натыйжалуу алдын алуу, инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштуу кол салуудан коргоону камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун деңгээлине контроль жүргүзүү системасын түзүү үчүн коомдун жана мамлекеттин күч-аракетин бириктирүүнү талап кылат. Уюшкан кылмыштуулук, коррупция, терроризм, экстремизм менен күрөшүү укукка каршы аракеттердин алдын алууга жана ага бөгөт коюуга, кандай болбосун кылмыш үчүн жоопкерчиликтин болушуна жана ар бир адамдын укугун коргоого, улутуна, жарандыгына, дин тутуусуна, көз караштарына жана ынанымдарына карабастан жеке коопсуздукка багытталышы керек. Коомдун жана мамлекеттин күч-аракеттери иштей турган алдын алуу чараларынын системасын түзүүгө жана мыйзамга баш ийген жарандарды тарбиялоого багытталышы керек. Жогоруда белгиленгендер мамлекеттен кылмыштуулукка каршы күрөштө укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды токтоосуз көрүүнү, ошондой эле төмөнкүдөй милдеттерди чечүүнү талап кылат: 1) кандай болбосун кылмыш жасаганы үчүн сөзсүз жазага тартуу принцибин толук жана натыйжалуу ишке ашыруу; 2) укук бузуулардын алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын өркүндөтүү жолу менен коомдук мамилелердин криминалдашуу деңгээлин төмөндөтүү; 3) уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат мафиясына каршы күрөштү күчөтүү; 4) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүнү натыйжалуу алдын алуу, аныктоо жана ага бөгөт коюу, ошондой эле алардын ташылып келүүсүн жана транзит менен өтүүсүн уюштурууга каршы аракеттенүү, анын ичинде куралды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана алдын алуу; 5) жашы жете электердин кызыкчылыктарын жана психологиясын эске алуу менен билим берүү системасынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен үй-бүлөлүк зомбулуктун, суициддин, мектеп рэкэтинин алдын алуу; 6) жаштарды мыйзамды, жалпы таанылган моралдык принциптерди, ченемдерди жана эрежелерди сыйлоо жана аларды бузууга жол берилбестик духунда тарбиялоо; 7) укук коргоо органдарынын жана сот бийлигинин ишин өркүндөтүү жана аларды коомдун конкреттүү керектөөлөрүнө жакындатуу жолу менен аларга жарандардын ишениминин деңгээлин жогорулатуу; 8) жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиктерин күчөтүү; 9) терс социалдык процесстерди активдештирүү, улуттар аралык, региондор аралык чыр-чатактарды жана коомдук-саясий абалды курчутуу максатында болгон социалдык-экономикалык, саясий проблемаларды колдонууну болтурбоо; 10) уюшкан кылмыштуулуктун мүчөлөрүнүн мамлекеттик, муниципалдык бийликтин бардык деңгээлдерине жана саясий түзүмдөргө кирип кетүүсүнө жол бербөө; 11) тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу менен террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чараларын күчөтүү; 12) экономика чөйрөсүндө, анын ичинде жер, токой, суу ресурстарын жана жер казынасын мыйзамсыз колдонууда, ошондой эле банктык жана кредиттик-финансы чөйрөлөрүндө кылмыштуулукту төмөндөтүү; 13) заманбап маалыматтык-коммуникативдик технологияларды жана криптовалюталарды колдонуу менен укук бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу; 14) жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарында өлүмдүн жана жаракат алуунун деңгээлин радикалдуу төмөндөтүү; 15) жумушсуздуктун өсүшүн жана калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүн токтотуу; 16) мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык агымдарга карата контролду күчөтүү; 17) укук коргоо органдарын, атайын кызматтарды, өрт-куткаруу бөлүмдөрүн жана авариялык-куткаруу түзүмдөрүн алардын аткарып жаткан милдеттерине ылайык комплекстүү өнүктүрүү жана техникалык жактан жабдуу, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлин жогорулатуу жана социалдык кепилдиктерин күчөтүү; 18) укук коргоо органдарынын жана өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү; 19) трансчек аралык жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга, террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо. ## 6.1.3. Өзгөчө Кырдаалдардын Алдын Алуу Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык жайгашкан орду боюнча көп сандаган табигый кырсыктарга туш болгон мамлекет болуп саналат. Олуттуу геологиялык, техногендик, климаттык коркунучтар жана климаттын глобалдуу өзгөрүү проблемалары республиканын калкына жана экономикасына дайыма терс таасирин тийгизип келет. Өзгөчө кырдаалдардын, потенциалдуу кооптуу участоктордун жана зоналардын санынын өсүшү калктын жана уюмдардын коопсуздуктун ченемдерин жана эрежелерин сактабаганы, сарамжалдуу эмес пландоо жана жер пайдалануу, инфратүзүмдүн жалпы абалынын начарлашы, ошондой эле кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын интенсивдүү өнүгүүсүнө алып келүүчү климаттын глобалдуу өзгөрүү процесстери менен байланышкан. Ошону менен бул чөйрөдө мамлекет тарабынан каржыланбай калган иш-чаралардын көлөмү жетишерлик узак мөөнөттө сакталып калууда. Кыргыз Республикасында уранды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүн таасирине туш болгон аймактарда радиациялык коопсуздук проблемасы курч проблемалардын бири бойдон калууда. Мындай объекттердин көпчүлүгү трансчек аралык суу агымдарында, жогорку сейсмикалык жана жер көчкү коркунучу бар аймактарда жайгашкан. Кыргызстанда 92 объект жайгашкан, аларга 250 миллион куб метр радионуклиддер жана башка уулуу заттар көмүлгөн, бул радиациялык кооптуу трансчек аралык экологиялык катастрофалардын келип чыгышынын жогорку тобокелдигин жаратат, алардын зонасына 7 миллиондон ашык адам жашаган Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактары бар. Ошол эле учурда өлкөдө коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, аныктоого жана чара көрүүгө даярдыктын жетишсиздиги байкалат. Өзгөчө кырдаалдарга жана табигый кырсыктарга карата ооруканалардын коопсуздугун баалоо маалыматтары боюнча бааланган ооруканалардын 44,3%ы коопсуздуктун орточо деңгээлиндеги ооруканалар разрядына киргизилген, ошол эле учурда 55,7% оорукана коопсуздуктун төмөн деңгээлиндеги ооруканалар разрядына кирген. Ага ылайык коопсуздуктун учурдагы деңгээлдери жана өзгөчө кырдаалдарга жана кырсыктарга чара көрүү боюнча ишчаралар өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар учурунда айрыкча райондук деңгээлдеги ооруканаларда бейтаптардын жана персоналдын өмүрүн коргоо үчүн жетишсиз. Учурдагы шарттарда көп тараптуу өнөктөштүк, тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү жана өнүктүрүүнү пландоодо аларды эсепке алуу принциптерине негизделген кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу моделин колдонууга киргизүү зарыл. Бул өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоого жана туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. Модель Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудан алардын алдын алууга өтүүсүн, ошондой эле кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууда децентралдашкан ыкманы киргизүү жана борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын функцияларын так бөлүштүрүү менен өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыкты жогорулатуу аркылуу кырсыктардын тобокелдигин азайтууну болжолдойт. Өзгөчө кырдаалдардын натыйжалуу жана өз учурунда алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу максатында төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл: 1) калктын жана аймактардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасын, ошондой эле аларды укуктук жана финансылык жактан камсыздоону өркүндөтүү жолу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча чаралардын натыйжалуулугун күчөтүү; 2) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана авариялык-куткаруу жана кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын туруктуу даярдыгын камсыз кылуу; 3) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-аракеттерге башкаруу органдарын жана күчтөрдү үзгүлтүксүз даярдоо жана окутуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана келип чыгуу шарттарында калкты тийиштүү иш-аракеттерге окутуу; 4) өзгөчө кырдаалдарда саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарында коопсуздук боюнча чаралардын комплексин жана калкты жарандык коргоо боюнча ар кандай кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү түзүү; 5) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана анын келип чыгышы, алардын алдын алуу жана жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө калкка жана уюмдарга дайыма маалымдоо; 6) радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды көмүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга көңүл буруу менен радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү; 7) Кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча улуттук платформанын потенциалын колдонуу менен кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу процессине коомдук, илимий жана эл аралык институттарды тартуу; 8) мүмкүн болгон кооптуу табигый кубулуштар жана техногендик катастрофалар жөнүндө эрте алдын алуунун мамлекеттер аралык системасын өнүктүрүү, ## 6.1.4. Коррупцияга Каршы Аракеттенүү Коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган коррупцияга каршы саясатты жана башка чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасына эл аралык коррупцияга каршы рейтингдерде өзүнүн позициясын пландуу түрдө жана динамикалуу жакшыртууга мүмкүндүк берди. "Transparency International" эл аралык өкмөттүк эмес уюму тарабынан жүргүзүлгөн "Коррупцияны кабыл алуу индекси" изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы 154-орунду ээлеген. Андан кийин 8 жыл ичинде өлкө мүмкүн болгон 100 баллдан 31 балл алуу жана 124-орунду ээлөө менен, өзүнүн көрсөткүчтөрүн 30 позицияга жакшырткан. Коррупциялык тобокелдиктер жана схемалар дайыма өзгөрүүгө туш болууда. Мамлекеттик башкаруу системасынын айрым органдарында жаңы коррупциялык зоналар пайда болууда, бул мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизет. Бардык деңгээлдердеги айрым чиновниктер, мурдагыдай эле өзүнүн кызматтык абалын жеке пайда жана артыкчылык алуу үчүн, ал эми бийликтик ыйгарым укуктарын жеке баюусу үчүн колдонуп келишет. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүү төмөнкүдөй милдеттерди чечүү жолу менен ишке ашырылат: 1) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана бийликтин бардык деңгээлдеринде ага каршы аракеттенүү, коомдо коррупциялык көрүнүштөргө, анын ичинде укуктук нигилизимди жоюу жолу менен нөлдүк толеранттуулукка жетишүү; 2) коррупциянын келип чыгышынын терең жана түпкү (базалык) себептерине талдоо жүргүзүү, мамлекеттик кызмат системасын өзгөртүү жана мамлекеттик бийликти ишке ашыруу үчүн таасир этүүчү чекиттерди аныктоо; 3) коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, өлкөнүн шарттарында колдонулуучу практикалык коррупцияга каршы методологияларды түзүү, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоодо иш-аракеттерди күчөтүү жана анын макулдашыл ышы; 4) мамлекеттик органдарда жана ЖӨБОдо болгон коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды минималдаштыруу, натыйжаларга мониторинг жүргүзүүнүн жана верификациялоонун таасирдүү системасын киргизүү; 5) мамлекеттик бийлик органдарынын ишин так укуктук регламентациялоону, мыйзамдуулукту жана алардын ишинин транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын кайталоочу функцияларын жоюу; 6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын аброюн жогорулатуу; 7) жашоо деңгээлин реалдуу кирешелери менен салыштыруу системасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын үй-бүлөсүнүн жашоо деңгээлин аныктоо менен алардын жашоо шартынын деңгээлин аныктоо методикасын өркүндөтүү; 8) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана уурдоого, көмүскө жана криминалдык экономикага каршы күрөшү; 9) бийлик органдары тарабынан кандай болбосун коррупциялык жана башка кол салуулардан инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо; 10) экономикалык иштин субъекттерине карата атайлап банкрот кылуунун жана башка укукка каршы иш-аракеттердин алдын алуу; 11) коррупциялык кылмыштарды жасаганы үчүн жоопкерчиликтин натыйжалуу системасын түзүү; 12) сот, көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке сөзсүз түрдө тартуу принцибинин толук сакталышы; 13) сот системасынын транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинен иштин бардык процесстерин санариптештирүү жолу менен камсыз кылуу; 14) саясий коррупциянын алдын алуу; 15) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; 16) коомдук көзөмөл институтун киргизүү менен мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде жарандык сектордун жана бизнес-коомдоштуктун ролун жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүүчү жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу; 17) лицензиялоо-уруксат берүү системасын, мамлекеттик контроль жана көзөмөл системасын, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү; 18) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү; 19) жеке сектордо коррупциялык көрүнүштөрдү жаратуучу шарттарды жана себептерди жоюу. ## 6.2. Өлкөнү Коргоо Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин ишинин маанилүү багыты болуп саналат. Аскердик коопсуздукту камсыздоонун негизги максаты өлкөнүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана калкын тышкы коркунучтардын жана аскердик агрессиянын терс таасиринен коргоо болуп саналат. Дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал чоң динамизмге ээ болуп жатат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү туруксуздуктун очоктору белгилүү бир шарттарда аларга башка мамлекеттерди тартуу менен толук масштабдуу аскердик чырчатактарга айланып кетиши мүмкүн. Жакынкы жылдарда Борбордук Азия регионунда толук масштабдуу согуштун келип чыгуу ыктымалынын төмөндүгүнө карабастан, чек ара чыр-чатактары, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү аракеттери жана ички коркунучтар актуалдуу бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чечилип бүтө элек маселелер, суу, жер жана башка чек ара талаштары аскердик коопсуздукка коркунуч келтирүүчү негизги булактардын бири болуп саналат. Куралдуу чыр-чатактар жана согуштук аракеттер аскердик күчтү колдонуу формалары, жолдору жана ыкмалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын көрсөтүүдө. Коопсуздук мейкиндигин артыкчылыктуу аскердиктен комплекстүүгө айландыруу тенденциясы байкалууда, ал өзүнө өз ара аракеттенүүнүн чектеш предметтик тармактарынан элементтерди камтыйт. Саясий, экономикалык, маалыматтык жана башка каражаттар аскердик чыр-чатактардын максаттарына жетүүдө чоң роль ойной баштады. Айрым өлкөлөр тарабынан "жаңы муундуң согушу" же "гибриддик согуш" деп аталган концепция активдүү түрдө ишке ашууда, мында башка мамлекетке (же анын бир бөлүгүнө) өзүнүн көзөмөлүн орнотуу үчүн таасир этүүчү агенттер аркылуу саясий кысым, пропаганда жана маалыматтык операциялар, бийлик органдарынын компрометациясы, финансылык жана башка ресурстук кысым, кооптуу инфратүзүмгө киберчабуулдар, оппозициялык күрөшүүгө жамынуу менен мыйзамсыз куралдуу топторду даярдоо жана пайдалануу, аскердик түзүмдөрдү түздөн-түз чек араларга топтоо жолу менен күч колдонуу коркунучу, түз аскердик агрессия жана башкалар комплекстүү түрдө колдонулат. Аскердик коопсуздуктун коркунучтарынын спектринин жана мүнөзүнүн кеңейиши төмөнкү милдеттерди чечүүнү талап кылат: 1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн түзүү жана өнүктүрүү жаатында концептуалдуу (доктриналык) жоболорду аларды мезгил-мезгили менен тактоо (кайра иштеп чыгуу) жолу менен түзүлгөн шарттарга ылайык келтирүү; 2) кырдаалдын кандай болбосун шарттарында агрессиянын мизин кайтарууга аскерлердин (күчтөрдүн) күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу; 3) оперативдүү-стратегиялык кырдаалдын ар кандай варианттарында түрдүү деңгээлдеги аскердик чыр-чатактын ийгиликтүү башталышын жана бүтүшүн камсыз кылган аскерлердин (күчтөрдүн) оптималдуу курамын жана түзүмүн аныктоо; 4) Куралдуу Күчтөрдүн кошундарынын жана бөлүктөрүнүн күжүрмөн потенциалын жетиштүү деңгээлде коргонууну камсыз кылуучу деңгээлге чейин жогорулатуу; 5) абадан чабуулдан коргонуу күчтөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өзгөчө радиоэлектрондук күрөшүү каражаттарын, жогорку тактыктагы куралдарды жана диверсиялык күчтөрдү массалык түрдө колдонуу шарттарында душмандын абадан кол салуу каражаттарынын соккуларын кайтаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу; 6) душмандын жогорку тактыктагы куралдарына, чалгындоо жана сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттарына каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу; 7) учурдагы жана келечектеги аскердик коркунучтарды өз убагында аныктоонун методдорун жана механизмдерин өркүндөтүү; 8) ыктымал болгон агрессордун аракеттерине карата алдын ала нөөмөттүк күчтөрдүн жана каражаттардын күжүрмөн даярдыгын талап кылган деңгээлде кармоо жана күчөтүү; 9) аскерлердин (күчтөрдүн) күнүмдүк ишин камсыз кылуу үчүн жетиштүү экономикалык базаны түзүү, мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди даярдоо жана аткаруу; 10) кырдаалдын ар кандай шарттарында Куралдуу Күчтөрдүн мамлекеттик органдар менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана колдоо; 11) чектеш мамлекеттер жана башка өнөктөштөр менен аскердик кызматташтыкты кеңейтүү; 12) өлкөнүн калкын жана аймагын коргоого Жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкта кармоо; 13) Куралдуу Күчтөрдө жана аскердик түзүлүштөрдө өздүк курамдын моралдык-саясий жана психологиялык абалын, укуктук жана аскердик тартипти жогорку деңгээлде кармоо; 14) аскердик, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактык коргонууну жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарууга катышуу үчүн резервдик түзүлүштөрдү өнүктүрүү; 15) Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу жана мамлекетти коргоо кызыкчылыгында аскердик инфратүзүмдү өнүктүрүү; 16) бөлүнүүчү ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугуна контролду күчөтүү менен бирге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн акча жана материалдык-техникалык каражаттарга болгон муктаждыктарын канааттандыруу; 17) аскер кызматчыларынын мыйзамдарда белгиленген укуктарын жана социалдык кепилдиктерин ишке ашырууну камсыз кылуу, аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, аскер кызматынан бошотулган жарандарды социалдык коргоонун деңгээлин системалуу түрдө жогорулатуу; 18) учкучсуз учуучу аппараттарды түзүүгө жана колдонууга, атайын операциялардын, радиоэлектрондук күрөшүү, киберкоопсуздук, психологиялык күрөшүү (операциялардын) жана башкалардын күчтөрүнүн органдарын жана түзүлүштөрүн өнүктүрүүгө күч аракетти жумшоо. ## 6.3. Мамлекеттик Чек Аранын Коопсуздугу Мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу жалпы мамлекеттик мааниге, өзүнүн максаттарына, үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ жана мамлекеттин мамлекеттик чек арасынын, аймактык бүтүндүгүнүн бузулбастыгы, эгемендүүлүктү жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо принциптерине негизденген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо улуттук коопсуздук системасынын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттик чек ара маселелери боюнча саясатты мамлекет мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары аркылуу ишке ашырат. Финансылык жана башка ресурстук камсыз кылуу, чек арага жакын аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жогорку деңгээли, компетенциясына чек ара чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү кирген министрликтердин жана ведомстволордун потенциалын милдеттерди чечүү үчүн бириктирүү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун жана анын бузулбастыгын камсыз кылууда алдынкы ролду ойнойт. Бул процесске тартылган субъекттердин ишинин натыйжалуулугу чаралардын бүтүндөй комплексин (чек аралык, саясий, экономикалык, укуктук, дипломатиялык, уюштуруучулук, административдик, маалыматтык, чалгындоо, контрчалгындоо, ыкчам-издөө, бажы, жаратылышты коргоо, санитардык-эпидемиологиялык, руханий-маданий жана башка чараларды) өз убагында жана макулдашылган түрдө кабыл алуу менен жетишилет. Чек ара коопсуздугу жаатында улуттук кызыкчылыктарды камсыз кылуу жана коргоо үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл: 1) чек араларды башкаруу чөйрөсүндөгү узак мөөнөттүү комплекстүү улуттук стратегияларды (мамлекеттик программаларды) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 2) чек ара чөйрөсүндөгү чакырыктардын жана коркунучтардын бардык спектрине ыкчам жана сапаттуу каршы аракеттенүүгө мүмкүндүк берүүчү абалга чейин мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрүн андан ары өстүрүү; 3) тобокелдиктерди жоюу боюнча учурдагы жана келечектүү чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алардын өнүгүү тенденциясын аныктоо; 4) мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылууга багытгалган санариптик технологияларды кеңири колдонуу, ## 6.4. Экономикалык Коопсуздук Кыргыз Республикасы - калкынын саны 6,5 млн. адам болгон, ачык экономикасы бар өлкө, анын ичинен экономикалык активдүү калктын 800 миңден 1 млн. чейинки жараны эмгек эмиграциясында. 2020-жылы ИДП өндүрүү күнүмдүк бааларда 598,3 млрд. сомго же 7,7 млрд. АКШ долларына жеткен. Ага ылайык калктын жан башына 1223,8 АКШ доллары туура келген, бул КМШга катышкан өлкөлөрдүн арасында өтө төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Реалдуу сектордун начар өнүгүүсүндө кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн басымдуулук кылган абалы республиканын экономикасынын тышкы жана ички өзгөрүүлөргө кыйла аялуу экендигин күбөлөндүрөт. Экономиканын өсүшү негизинен ички жана тышкы сооданын өсүшүнө байланыштуу, мында ал импорттун басымдуу көлөмүндө болгон, акыркы беш жылда ал экспорттон 2,5 эсеге жогору болуп, тышкы соода жүгүртүүдө анын үлүшү 70%ды түзгөн. Муну менен бирге жүргүзүлүп жаткан саясат өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берди. 2016-2020-жылдары экономика жыл сайын орточо 1,8%га өскөн. Мында экономика акыркы жылдары туруктуу өсүүгө карабастан, алтынды өндүрүүдөн, жумушчу-мигранттардын акча которууларынан, транзиттик соодадан жана тышкы жардамдан жогорку көз карандылык менен мүнөздөлгөн, бул аны тышкы жана ички солгундоолорго аялуу кылат. ИДПнын оң тарапка өсүшү (2016-2019-жылдары орточо 4,4%га) капиталды топтоо жана өндүрүү менен эмес, керектөөнүн өсүшү менен шартталган. Калктын санынын өсүшү экономиканын өсүшүнүн ресурсу жана потенциалы болуп саналат, ал натыйжасыз пайдаланылган. Алсак 2018-жылы айыл чарбасын эсепке албаганда, формалдуу эмес сектордо экономикада иштегендердин жалпы санынын 51%ынан ашыгы иш менен камсыз болгон, алар тарабынан 23,4% гана ИДПы өндүрүлгөн. Башкача айтканда, экономикада иштегендердин жарымысынан көбүнүн эмгегинин натыйжалуулугу өтө төмөн болгон, анткени алар өндүргөн ИДПнын үлүшү ИДПнын төрттөн бирине дагы жеткен эмес. Өлкөнүн экономикасына эмгек мигранттарынын акча которуулары байкаларлык таасир тийгизген. Акча которуулар соода тартыштыгын каржылоонун негизги булагы болуп калууда жана акыркы керектөөгө таасирин тийгизет. COVID-19 пандемиясы 2020-жылы экономиканын тез төмөндөшүнө алып келген - 8,6%, 2021-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүштүн темпи жакшырган (+0,1%). Азыркы учурда Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда, кызмат көрсөтүүлөр жана өнөр жай чөйрөсүнүн субъекттеринин экономикалык активдүүлүгү калыбына келүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө экономикадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жогору үлүшү өнөр жайга, айыл чарбасына жана энергетикага таянат, бул экономикада үнөмдөөлөрдүн жогорку деңгээлин камсыз кылат. Кыргызстанда бул көрсөткүч ИДПдан 46,2%ды, ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдө 60-70%ды түзөт. Эгерде "Кумтөр" ири алтын өндүрүүчү ишканасы (ИДПдагы үлүшү 8,5%га жакын) жакынкы 5 жыл ичинде алтын өндүрүүнү аяктаса, бул дагы республиканын экономикасынын өндүрүү базасын кыскартат. 2021-жылдын башына карата өлчөмү 4,9 млрд. АКШ долларынан ашкан мамлекеттик (тышкы + ички) карыз макроэкономикалык туруктуулук үчүн тобокелдик жаратат. Экономикадагы кризис менен катар иштиктүү чөйрөнүн жана инвестициялык климаттын начарлоосу байкалууда. Эл аралык уюмдардын жана тармактык бизнесассоциациялардын ар кандай изилдөөлөрүнө ылайык, бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, жеке менчикти коргоо бөлүгүндө фискалдык, укук коргоо жана сот органдарынын иш-аракеттерине жана мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине ашыкча кийлигишүүсүнө бизнестин даттанууларынын өсүшү байкалууда. Натыйжада акыркы жылдарда иштиктүү активдүүлүктүн кескин төмөндөшү жана агылып келүүдөн 401 млн. долларга жогору болгон түз чет өлкөлүк инвестициялардын агылып кетүүсү байкалууда, ошондой эле экономиканын формалдуу эмес секторунун үлүшү көбөйүүдө. Эксперттик баалоолор боюнча көмүскө экономиканын көлөмү ИДПдан 4060%га жетүүдө. Көмүскө экономиканын олуттуу масштабдары криминалдын экономикалык процесстерге активдүү кийлигишүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Экономикада белгиленген проблемаларды чечүү үчүн мамлекет төмөнкү милдеттерди чечүүсү зарыл: 1) макулдашылган акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу инфляциянын туруктуу деңгээлин кармап туруу; 2) бюджеттин тартыштыгынын көрсөткүчтөрүн жана мамлекеттик карыздын деңгээлин чектүү мааниден жогорулатпай кармоо аркылуу мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун кармап туруу; 3) улуттук финансы системасынын туруктуу өнүгүүсү; 4) бюджеттик пландоо механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алуулар чөйрөсүндө контролду ишке ашыруу; 5) экономикага түз инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; 6) төмөнкүлөр аркылуу бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерин түзүү: - бизнести ченемдик жактан жөнгө салууну оптималдаштыруу; - салык салуу системасын өркүндөтүү (салыктык башкаруу механизмдерин жөнөкөйлөтүү, салыктык укуктук мамилелерди электрондук форматка өткөрүү; салыктык контролдоонун инновациялык методдорун киргизүү); - бизнести финансы-кредиттик колдоо системасын өнүктүрүү; - активдүү монополияга каршы саясатты жана ак ниет атаандаштыкты жүргүзүү; - лицензиялык-уруксат берүү системасын өркүндөтүү; 7) төмөнкү жолдор менен өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү: - бажы чөйрөсүн санариптештирүү; - кагазсыз соода жүргүзүүгө өтүү; - Кыргызстандын продукциясын тышкы рынокторго жеткирүү үчүн жаңы логистикалык маршруттарды жана транспорттук коридорлорду түзүү; - заманбап технологияларды колдонуу менен акыркы продукттарды кайра иштетүү жана өндүрүү үчүн шарттарды түзүү (экономикалык өсүштүн негизги драйвери катары КНТны өнүктүрүү жана көп сандагы жумушчу орундарын түзүү); - инновациялык технологияларды интенсивдүү колдонууга киргизүү, күнөскана чарбаларын өнүктүрүүнү улантуу жана айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмдөрүн көбөйтүү; - региондордо тамчылатып сугаруу системасын активдүү колдонуу жана киргизүү; - иштелип чыккан адистештирилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизинде үрөндүк айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн өркүндөтүү; - мал чарбачылыгында эпизоотикалык жайлуулукту камсыз кылуу, айыл чарба жаныбарларынын жана үй канаттууларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу; - башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн даяр продукцияга сертификаттарды алууга жардам көрсөтүү; 8) мамлекеттик активдерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу; 9) региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын көп сандаган майда жана натыйжасыз бөлүктөргө чачпастан, реалдуу ири инфратүзүмдүк долбоорлорго сарптоонун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу; 10) региондук өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү ресурстардын, аймактардын, экономикалык кластердик өндүрүштөрдүн базасында өнөр жай ишканаларын этап-этабы менен түзүү жана өнүктүрүү; жогорку технологиялык жана инновациялык технологияларды колдонууга киргизүү аркылуу ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү; 11) ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана жеке менчигин коргоо. Санкцияланбаган текшерүүлөрдөн, кийлигишүүлөрдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоо; 12) мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу; 13) жеке адамдар үчүн кредиттер боюнча пайыздык ставканы жогорулатуу тобокелдигин жана аларга карыздык оорчулуктун өсүшүн төмөндөтүү жолу менен калкка кредит берүүнүн өсүшүнүн балансын камсыз кылуу. ## 6.5. Демографиялык Коопсуздук, Саламаттык Сактоо, Билим Берүүнүн Деңгээли, Адеп-Ахлак Жана Илимийтехникалык Потенциал Демографиялык кырдаал билим берүү системасынын инфратүзүмүнүн өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизет, ал калктын санынын өсүү ылдамдыгынан артта калууда, ошондой эле балдарды жана калкты билим берүү системасы менен камтууну сактоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле педагогикалык кадрларды сан боюнча гана эмес, сапаттык көрсөткүчтөр боюнча ишке тартуу жана даярдоо үчүн социалдык объекттерди куруунун алдын алуучу саясатын түзүүнү талап кылууда. БУУнун маалыматтарына ылайык 2025-жылы Кыргызстанда акыркы 74 жылдагы калктын максималдуу өсүшү болот, ал 5,92%ды түзөт. Ага ылайык 2028жылдан тартып максималдуу оорчулук балдар бакчасына, ал эми 2032-жылдан тартып - Кыргыз Республикасынын мектептерине туура келет. Азыркы учурда 3төн 17 жашты кошо алгандагы балдардын саны өлкөнүн жашоочуларынын санынын 30,4%ын же 2 млн. 17 миң адамды түзөт. Мында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук эмес камтуу проблемасынын сакталышы уланууда: 3-5 жаштагы 77,8% баланын типтүү балдар бакчасында орун жоктугуна байланыштуу мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгү жок, ал эми болгон балдар бакчалары 28 миң бала менен толуп калган. Балдардын мектептерге барбоосунан улам мектептик билим берүү менен камтуунун төмөндөө коркунучу бар. Мектептерге барбоо себептерине төмөнкүлөр: майыптуулук, материалдык кыйынчылыктар, иштөө зарылчылыгы, үй-бүлөлүк жагдайлар кирет. Балдардын жанында ата-энелеринин иш жүзүндө жок болушу же алардын диндин радикалдуу формаларына өтүп кетиши дагы балдардын мектепке барбай калуу коркунучун жаратат, чет өлкөдө эмгек мигранттарынын катарында жүргөн, жок дегенде ата-энесинин бири болгон балдар 12%ды түзөт. Азыркы учурга чейин окуп жаткан бир балага чыгымдар сапаттуу окутууну камсыз кылуу жана ар бир мектепте заманга ылайык билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн жетишсиз бойдон калууда. Айрыкча айыл мектептеринде окуучуларды даярдоонун сапаты көп учурда тиешелүү ченемдерге жана бекитилген стандарттарга туура келбейт. Мектептердин базалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү боюнча проблемалар бар: компьютерлер менен камсыз болуу минималдуу керектөөдөн 42,1%ды түзөт; мектептердин 25,7%ында ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүк жок; мектептердин 74,4%ы жылуу санитардык түйүндөр менен жабдылган эмес; мектептердин 68,2%ы ысык суу менен камсыздоого кошулган эмес. Көптөгөн мектептерде инфратүзүмдүн абалы окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат (авариялык абалдагы мектептер жана капиталдык оңдоону талап кылган мектептер), аларда башка имараттар жок болсо да окутуу улантылып жатат. Ички миграциянын натыйжасында шаар жергесиндеги мектептердин ашыкча толушу боюнча проблемалар катталууда: 2012-жылдан тартып 3 сменада иштеген мектептердин саны эки эсе өскөн (83төн 151ге чейин), ал эми 37 миң бала 3-сменада окушат, буга санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер менен толук тыюу салынган. Кесиптик билим берүү жана улуу курактагы калктын функциялык сабаттуулугу деңгээлинде экономиканын туруксуздугу узак мөөнөткө экономиканын кадрларга болгон керектөөлөрүнүн божомолунун жоктугуна алып келет, бул дагы даярдалган кадрлардын санын жана аларды окутуунун натыйжаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк бербейт. Глобалдашуу шарттарында билим берүү системасы ата мекендик гана эмес, эмгектин глобалдуу рыногунда дагы талап кылынган адистерди даярдоого багытталышы керек. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк мейкиндикте билим берүү системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим берүү сапатына талаптар өсүүдө. Өлкөдөгү илимдин абалы көп учурда улуттук кызыкчылыктардын ички жана тышкы коркунучтардан корголуусун аныктайт. Финансылык ресурстардын чектелүүсүнөн улам, мамлекет азыркы учурда бардык илимий-техникалык багыттар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө албай жатат, ошондуктан күч-аракетти тиешелүү инфратүзүмү жана адистери бар чөйрөлөргө топтоштуруу зарыл. Дүйнөлүк практика илим менен бизнестин ортосундагы жолго салынган байланыш жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү күчтүү улуттук экономика үчүн драйвер болуп санала турганын көрсөттү. Кыргыз Республикасы - полиэтностук мамлекет, анда 100гө жакын ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашайт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы өз ара пайданын, жалпы кызыкчылыктарды, максаттарды, баалуулуктарды иштеп чыгуунун жана Кыргыз Республикасында жалпы жарандык бирдейликти өнүктүрүүнүн негизинде ар кандай социалдык, этностук, маданий жана аймактык коомдордогу адамдарды бириктирүүгө багыт алган. Мамлекеттик органдар тарабынан тынч коомдук-саясий кырдаалдын негизи катары этностук топторго карата жек көрүү риторикасынын жана этностор аралык кастыкты күчөтүүнүн алдын алуу боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүлүүсү керек. Жогоруда көрсөтүлгөн проблемалардан тышкары, COVID-19дун жайылышы саламаттык сактоо чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдарга даярдык, саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлиндеги инфратүзүмдөгү, менеджменттеги проблемалар, ведомстволор аралык деңгээлде гана эмес, саламаттык сактоо системасынын кызматтарынын ортосундагы деңгээлде да өз ара аракеттенүү сыяктуу проблемалар ачыкка чыгарды. Башка чөйрөлөрдөгү да, өзгөчө медициналык буюмдарды өндүрүүдө проблемалар ачыкка чыкты. Өлкөнүн калкынын өсүшү (2050-жылга карата 7-9 миллионго чейин өсүү болжолдонууда), калктын картаюу тенденциясы, жугуштуу эмес оорулардын (мындан ары - ЖЭО) тобокелдик факторлорунун жайылышынын көбөйүшү, мезгилсиз өлүм, калктын ЖЭО менен байланышкан оорулары жана майыптуулугу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет жана кечиктирилгис алдын алуу чараларын көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Адамдын туруктуу жашаган чөйрөсүнүн сапатынын төмөндөшү адамдын ден соолугуна жана коопсуз өнүгүүсүнө коркунуч жаратат. Чоң шаарлардын атмосфералык абасындагы чаңдуулук жана булоочу заттардын концентрациясы, үйлөрдүн курулушун тыгыздап салуунун кеңири таралган практикасы шаар аймактарынын желдешинин начарлоосуна алып келет, бул оорулардын өсүшүнүн жана жарандардын иммундук системасынын начарлашынын себептери болуп саналат. Мамлекеттин күч-аракетине карабастан, саламаттык сактоо системасынын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрү калк үчүн жеткиликтүү аз болуп калууда. Ошол эле учурда жүрөк-кан тамыр патологиясы, шишик ооруларынын пайда болуусу, ВИЧ/СПИД жана башкалар менен оорунун жогорку көрсөткүчтөрү өсүү тенденциясынан кабар берет. Онкологиялык, жүрөк-кан тамыр, диабет, өнөкөт респиратордук жана психикалык бузулуу сыяктуу оорулар, ошондой эле тобокелдик факторлору (тамеки чегүү, алкоголь ичүү, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жоктугу) Кыргызстанда коомдук саламаттык жаатындагы өсүп жаткан проблема болуп саналат. Шаар менен айылдын ортосунда дарыгер кадрлар менен камсыздалууда олуттуу географиялык дисбаланс сакталууда. Айыл жергесинин жана алыскы райондордун жашоочулары үчүн тез медициналык жардамдын кызмат көрсөтүүлөрү менен камтуунун төмөндүгү жана аларга жеткиликтүүлүк боюнча проблема бар. Саламаттык сактоо системасынын алдында өлкөнүн айылдарын жана алыскы райондорун дарыгер кадрлар менен камсыз кылуу проблемасы курч турат. Көмүскө экономиканын деңгээлинин жогору болушунан өлкөдө медициналык камсыздандыруу менен камтуу мурдагыдай эле төмөн деңгээлде калып жатат жана экономикада иштегендердин жалпы санынын үчтөн бирин гана түзүүдө. Экинчи жагынан, мамлекеттик бюджеттин эсебинен аялуу категорияларды камсыздандыруу менен камтуу актуалдуу маселе бойдон калууда. Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу зарыл: 1) билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн, анын инклюзивдүүлүгүн жана көп тилде берилишин камсыз кылуу, окутуунун коопсуз жана натыйжалуу чөйрөсүн түзүү; 2) билим берүү системасында алдынкы эл аралык тажрыйбанын негизинде анын бардык деңгээлдеринде билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо аркылуу сапатты камсыз кылуу, билим берүүнүн санариптештирүүсүн кеңейтүү, педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өсүү системасын түзүү, окутуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн натыйжалуу системасын иштеп чыгуу, ошондой эле сапаттуу окуу материалдарын түзүү; 3) билим берүү чөйрөсүн башкарууга жана билим берүү саясатын пландоого системалуу мамиле кылууну камсыздоо үчүн уюштуруучулук, техникалык жана административдик потенциалды, адам ресурстарын башкарууну жакшыртуу аркылуу билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу жана каржылоо; билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде ченемдик каржылоого өтүүнү бекемдөө, билим берүү кызматын көрсөтүүнүн сапатын зарыл деңгээлде контролдоп туруу жана билим берүүнү башкаруунун автоматташтырылган системасын түзүү; 4) илимий изилдөөлөрдү каржылоону көбөйтүү жана алардын натыйжалуулугун камсыз кылуу; 5) илим чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу жана өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүүдө илимдин салымын көбөйтүү, ал төмөнкүлөрдү болжолдойт: - каржылоого экономикалык натыйжалуу илимий долбоорлордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; - ата мекендик жана чет өлкөлүк рыноктордо илимий продукциянын үлүшүн көбөйтүү; 6) элдердин биримдигин бекемдөө, толеранттуулукту жогорулатуу жана төмөнкүлөр аркылуу көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын сыйлоо: - Кыргызстандын бүтүндөй элин бириктирүү максатында, бүтүндөй мамлекеттин ишинде улуттук идеяны калыптандыруу жана колдонууга киргизүү; - көп маданияттуу билим берүүнү кеңейтүү жана бекитүү; - биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу ар кандай региондук, диний, этностук, маданий жана башка тийиштүүлүктөгү топтордун ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу; - ар кандай этностор, конфессиялар жана диндердин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алардын ортосунда чыр-чатактуу кырдаалдын келип чыгышын болтурбоо; 7) диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын базалык принциптерин кынтыксыз сактоону камсыз кылуу, анткени дин өзүнүн оң функцияларын ишке ашыруу жолу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөт; 8) мамлекеттик жана коомдук институттардын күчүн диний чөйрөдөгү терс тенденцияларга каршы аракеттенүүнү эксперттик-укуктук жана уюштуруучулук жактан камсыз кылууга, ошондой эле жарандардын дин тутуу эркиндигине укуктарын ишке ашырууда диний конфессиялар менен өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө топтоо; 9) диний билим берүү, өзгөчө диний-билим берүү мекемелеринин ишин жөнгө салуу бөлүгүндөгү көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө диний билим алуу процессин жөнгө салуу; 10) эне жана баланы коргоону күчөтүү: 11) приоритеттүү инфекциялуу эмес жана инфекциялуу, анын ичинде өзгөчө кооптуу жана социалдык маанилүү ооруларга эпидемиялык көзөмөлдөөнүн комплекстүү системасын түзүү аркылуу натыйжалуу башкаруу максатында коомдук саламаттык сактоо системасындагы тобокелдиктерге баа берүүнүн жана башкаруунун бирдиктүү улуттук системасын түзүү; 12) жекече деңгээлде, коомчулуктар деңгээлинде жана популяциялык деңгээлде оорулардын алдын алууну жана ден соолукту чыңдоону күчөтүү; 13) төмөнкүлөр аркылуу сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү: - саламаттык сактоо тармагында сапаттын стандарттарына жана мамлекеттин башка милдеттенмелерине ылайык, алдын алуунун, ооруларды эрте аныктоонун кызматтарын жана оору учурларын дарылоону/тескөөнү кошо камтыган баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүнүн натыйжалуу моделин түзүү; - алыскы региондордун медициналык кадрлар менен камсыз болушун жогорулатуу; - калкты сапаттуу, өз учурундагы, комплекстүү жана интеграцияланган медициналык кызматтар менен камсыз кылууга жөндөмдүү болгон саламаттык сактоо уюмдарынын сарамжалдуу жана натыйжалуу тармагын оптималдаштыруу жана түзүү; - жол-транспорт кырсыктарында, техногендик аварияларда жана кыйроолордо, өзгөчө кырдаалдарда өз учурунда квалификациялуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн тез медициналык кечиктирилгис жардам кызматынын натыйжалуу чара көрүүсүн камсыз кылуу; 14) саламаттык сактоо кызматына акы төлөөдө калкты финансылык жактан коргоону төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылуу: - жашоого маанилүү дары каражаттарына, медициналык буюмдарга бааларды жөнгө салуу системасын өркүндөтүү; - милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өнүктүрүү; - бардык жарандар үчүн базалык, кепилдик берилген кеңири кызмат көрсөтүүлөрдү камтыган, жашоого маанилүү коопсуз дарыларга жеткиликтүүлүктү кошо алганда, медициналык камсыздандыруу пакетин түзүү механизмин колдонууга киргизүү. ## 6.6. Экология, Энергетика Чөйрөсүндөгү Коопсуздук Жана Жаратылыш Жана Суу Ресурстарын Пайдалануу 6.6.1. Экология Чөйрөсүндөгү Коопсуздук Өндүрүштүн жана керектөөнүн интенсивдүү өсүшү курчап турган чөйрөгө антропогендик оорчулуктун көбөйүшү менен коштолот, бул өзү анын абалынын начарлашына алып келүү менен бирге анын кесепетинде жер шарында жашоо шарттары өзгөрүлүп калат. Климаттын өзгөрүүсү калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, ал адамдардын мезгилсиз өлүмүнүн жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуунун кошумча себеби болуп саналат, бул болсо калктын жашоосунун деңгээлине жагымсыз таасир калтырып, ошондой эле айыл чарба ишин жүргүзүү шарттарына терс таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасы колдогон туруктуу өнүгүүнүн принциптери жана Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарына жетишүүнү жактоочулук декларациясы, 1992жылдын 9-майындагы климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУнун Алкактык Конвенциясына кошулуу улуттук жана эл аралык деңгээлде алып караганда климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнүн көйгөйүн мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын катарына чыгарды. 2015-жылдын 12-декабрында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУнун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж Макулдашуусун кабыл алуу жана ага Кыргыз Республикасынын кошулуусу эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыктын жана улуттук саясаттын жаңы багыттарын Кыргыз Республикасынын коопсуздугунун узак убакыттагы негизги факторлорунун бири катары белгилеп берди. Экологиялык коопсуздук улуттук коопсуздуктун курамдык бөлүгү катары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат жана жаратылыш системаларын сактоонун жана айлана-чөйрөнүн тиешелүү сапатын колдоп туруунун негизи болуп берет. Жаратылыш системаларынын деградациясы биосферанын туруксуздашуусуна, анын бүтүндүгүн жана курчап турган чөйрөнүн керектүү деңгээлин кармап туруу жөндөмдүүлүгүн жоготууга алып келет. Жаратылыш ресурстарын үнөмсүз пайдалануу, токойсуз калган аянттын көбөйүшү, түшүмдү мол берүүчү аянттын кыскаруусу, суу ресурстарынын тартыштыгы барган сайын күчөшү жана экосистеманын абалынын начарлашы, ландшафттык жана биологиялык түрдүүлүктүн азайышы, айлана-чөйрөнүн булгануусу, антропогендик оорчулуктун көбөйүшү айлана-чөйрөгө, калктын ден соолугуна жана экономикалык иштин ар кандай чөйрөлөрүнө терс таасир тийгизет. Ушунун бардыгы көбөйүп бараткан климаттык өзгөрүүлөр менен айкалышканда экологиялык коопсуздукка коркунуч келтирүүдө. Аталган факторлор курчап турган чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонууга, адамдын жана табияттын жаңы типтеги өз ара мамилелерин калыптандырууга, климаттык өзгөрүүлөрдүн экономикага, калкка жана анын ар кандай социалдык топторуна тийгизген таасирин эсепке алууга багытталган экология жана климат жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун зарылдыгын белгилейт. Экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулук чөйрөсүндөгү саясат Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын стратегиялык максаттарына жетишүүгө багытталган төмөнкү милдеттерди чечүү менен аныкталат: 1) климаттын өзгөрүүсүнүн орто жана узак мөөнөттөгү кесепеттерин эске алуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын такталган жана комплекстүү ички жана тышкы саясатын, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө жана Борбор Азияда жүргүзүү; 2) ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну уюштуруу; 3) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климатка антропогендик таасирди адаптациялоо жана жеңилдетүү, өнүгүүнүн туруктуулук жаатына инвестицияларга дем берүү боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан натыйжалуу экономикалык механизмдерди иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү; 4) курчап турган чөйрөнү жана жер казынасын коргоону күчөтүү жана аларды сарамжалдуу пайдалануу, минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү, экосистемалык кызматтарды көрсөтүү, сакталып калышын камсыз кылуу, жоготуулардын алдын алуу, ландшафттык жана биологиялык түрдүүлүктү калыбына келтирүү жана кайра өндүрүү, толук көлөмдө рекультивациялоо жүргүзүү үчүн жер кыртышын калыбына келтирүү иштеринин жалпы наркын түзүү механизмин аныктоо, антропогендик иштин кесепеттерин өз алдынча жөнгө салууга жана компенсациялоого жаратылыш системаларынын жөндөмдүүлүгүн колдоо үчүн жетиштүү болгон, өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана өнүктүрүү; 5) агын суулардын курчап турган чөйрөгө тийгизген жагымсыз таасирин азайтуу жана мөңгүлөрдү сактоону камсыз кылуу; 6) чыгындылар, агындылар жана таштандылар менен курчап турган чөйрөнүн булгануусун төмөндөтүү; 7) Ысык-Көл акваториясын кошо алганда, калктуу пункттарда, эс алуу зоналарында жана туристтик объекттерде жайгашкан тазалоо курулмаларын контролдоону камсыз кылуу; 8) калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды түзүүгө түрткү берүү, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды колдонууга киргизүү; 9) экология жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун шарты катары калкка жана коомдук уюмдарга дем берүү, жарандык коомду экологизациялоого мамлекеттин жардам көрсөтүүсү; 10) саясаттын жана кызматташтыктын натыйжалуу чараларына колдоо көрсөтүүдө экологиялык саясат, социалдык, техникалык жакшыртуулар жана инновациялар менен айкалыштырып, продукциянын туруктуу түрлөрүн жана өндүрүш процесстерин иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү; 11) ресурс үнөмдөө, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн салыштырмалуу энергиялык жана ресурстук сыйымдуулугун төмөндөтүү; 12) калктын саламаттыгын өзгөрүлүп жаткан климаттын таасиринен коргоо боюнча саламаттык сактоо секторунун потенциалын жогорулатуу; 13) экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулук маселелери боюнча, мүмкүн болуучу жагымсыз өзгөрүүлөр жөнүндө анык маалымат менен мамлекеттик органдарды жана ЖӨБО, юридикалык жактарды жана жарандарды маалыматтык камсыздоо жана мониторинг жүргүзүү; 14) жарандардын экологиялык маданиятын, экология жана климат жаатындагы кесиптик көндүмдөрүн жана билимин жогорулатуу, курчап турган чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени тарбиялоо; 15) сарамжалдуу жана туура тамактанууну, жашоо үлгүсүн үгүттөө, ресурстарды көпкө иштетип колдонуу, жаратылышты коргоо саясаты менен айкалышта тиричилик калдыктарын кыскартуу; 16) илимий, маалыматтык жана кадрдык камсыз кылуу, климатка антропогендик таасирди адаптациялоо жана жеңилдетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүүнүн негиздери тууралуу илимий билимди өнүктүрүү, жаңы экологиялык тобокелдиктерди аныктоо; 17) климаттык күн тартибинин маселелери жана аралаш маселелер боюнча эл аралык коомчулук менен кызматташтык, глобалдык жана региондук экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, климатка антропогендик таасирди адаптациялоо жана жеңилдетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндө дүйнөлүк коомчулукту туруктуу өнүктүрүү кызыкчылыгында глобалдаштырууну жөнгө салууга катышуу жолу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу. ## 6.6.2. Суу Жана Энергетикалык Коопсуздук Отун-энергетикалык комплексинин (мындан ары - ОЭК) потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү эмес деңгээлде ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасы отун-энергетикалык ресурстарынын жетиштүү запастарына, болжолу менен Борбордук Азиянын жалпы энергетикалык ресурстарынын 2%, анын ичинде көмүрдүн чоң запастарына жана региондун гидроэнергетикалык ресурстарынын 30% ээ, бирок алардын ондон бир гана бөлүгү өздөштүрүлгөн. Отун-энергетикалык баланстын (мындан ары - ОЭБ) түзүмүндө энергия алып жүрүүчүлөрдүн импортунун үлүшү 19,1% түзөт, бул болсо өлкөнү энергия жана отун менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Азыркы учурда тармактагы негизги фонддун (энергиялык жабдыктардын) чогуу алгандагы эскирүүсү 60%дан ашкан, бул болсо төмөн деңгээл катары классификацияланат. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен ажырагыс байланышкан. Электр энергиясынын генерациясынын көлөмүнүн өсүшү жыл сайын 2-3% чегинде ички керектөөнүн өсүшүнүн фактору менен шартталган. Жалпысынан алганда, энергетикалык сектор өлкөнүн электр энергиясына муктаждыгын кыйынчылык менен камсыз кылууда, барган сайын бардык калктын электр энергиясына кеңири жеткиликтүүлүгү көбүрөөк чектелип келүүдө. Учурдагы кырдаалга жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү энергия системасындагы оорчулуктун өсүшүнөн артта калууда жана иштелип чыккан кубаттуулуктардын өсүшү электр энергиясына болгон көбөйүп бараткан суроо-талапка жооп бербейт. Электр энергиясын өндүрүү жаратылыш-климаттык шарттарга жана Нарын дарыясынын жана анын куймаларынын бассейнинин суу деңгээлине көз каранды, ал эми суу ресурстарынын деңгээлин божомолдоого мүмкүн эмес, суунун аз болуу жана коп болуу циклдери ар бир 3-4 жылда алмашып турат. Кыргыз Республикасынын сууларынын агымы аз болгондо электр энергиясын керектөөнү катуу чектөө зарылдыгы, Бишкек шаарынын ЖЭБинде энергияны иштеп чыгууну көбөйтүү, ошондой эле кийинки жылдарга коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо маселеси катуу коюлат. Кыргыз Республикасы суу ресурстарын башкаруу жаатында талаптагыдай чечилбей келаткан бир катар чакырыктарга жана көйгөйлөргө туш болууда. Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгү агылып келген суу жаралуучу зонага кирет. Түшкөн кардын өлчөмү жаан-чачындардын жалпы көлөмүнүн кыйла бөлүгүн түзөт жана вегетациялык мезгилде айыл чарбасы үчүн сууну сактоодо маанилүү ролду ээлейт. Республиканын аймагында көп жылдык суммалык орточо жылдык суунун агып келиши 47,8 млрд. м3 болуп бааланат. Республикада болгон 1024,8 миң сугат жердин 22,5% гана суу сактагычтардагы суу менен сугарылат. Калган жерлерди суу менен толук камсыздоо маселеси ачык бойдон калууда. Республикада алынуучу суулардын олуттуу бөлүгү ирригациялык жана суу бөлүштүргүч системалардын техникалык абалы канааттандырарлык болбогондуктан, жабдуунун эскеришинен, сугаттын кемчиликтүү ыкмаларын колдонуудан улам жоготууга учурайт. Азыркы иштеп жаткан инфратүзүм өтө кыйын абалда турат. Сугарылуучу жерди иштетүүгө негизденген айыл чарба өндүрүшү Кыргызстандын экономикасынын алдынкы сектору болуп саналат жана суунун 90%га жакынын керектейт. Сугатка суунун муктаждыгы жана айыл чарбаны суу менен камсыздоо 2024-жылга карата 57%га жогорулашы мүмкүн. Кыргызстандын суу ресурстарын жана суу чарба курулмаларын колдонуу жаатында коңшу мамлекеттер (Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан) менен өз ара мамилеси негизинен Сырдарыя суу бассейнине тийиштүү. Агып келген суулардын жарымы гидротехникалык курулмалар, жарымы - суунун сайы аркылуу берилет (кышында агып келген суулар, өндүрүлбөй чыгарылган суулар). Кыргыз Республикасынын агып келген суу ресурстарынын 20%га жакыны өлкөнүн аймагында негизинен сугатка, өнөр жайга жана коммуналдык-тиричилик чарбасы үчүн колдонулат, калган бөлүгү коңшу мамлекеттердин аймагына кетет. Отун-энергетикалык комплексти туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүлөргө багытталган милдеттерди ишке ашыруу зарыл: 1) отун-энергетикалык комплексти (мындан ары - ОЭК) туруктуу өнүктүрүү, региондордун жана бүтүндөй өлкөнүн ОЭБ сарамжалдуу түзүмүн калыптандыруу үчүн реалдуу сектордун энергия алып жүрүүчүлөрүнө суроо-талапты эске алуу менен энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдөө; 2) энергетика тармагын реформалоо; 3) жаңы гидроэлектрстанцияларын (мындан ары - ГЭС) жана жылуулук электр станцияларын (мындан ары - ЖЭС), энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКЖБ) объекттерин куруу жолу менен электр энергетикасын илгерилетип өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жаңы кубаттуулуктарды киргизүү менен туташ электр тармактарын өнүктүрүү (реконструкциялоо); 4) генерациялоочу кубаттуулуктардын жана көмүр кен чыккан жерлердин базасында байытуучу ишканаларды куруу; 5) ГЭС, ЭКЖБ жана ЖЭС жаңы кубаттуулуктарын киргизүү менен туташ электр тармактарын өнүктүрүү; 6) көмүр жана мунайзат газ өнөр жайын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу; 7) энергия жана отун менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу; 8) эл аралык кызматташтык жана тышкы энергетикалык саясатты бекемдөө. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл: 1) иштеп жаткан энергетикалык объекттерди реконструкциялоо жана жаңыларын куруу, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу, энергия жана отун менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу; 2) өлкөнүн энергия алып жүрүүчүлөрүнө муктаждыгын көмүр казып алууну көбөйтүүнүн эсебинен өздүк катуу отун менен камсыздоону жогорулатуу; 3) республиканын региондорунда газ менен камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу; 4) мунайзатты казып алуунун өсүшүн камсыз кылуу жана аны көбөйтүү боюнча чараларды көрүү (жыл сайын жаңы бургулоолорду эксплуатацияга киргизүү, келечектүү чалгындоо аянттарында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, иштеп жаткан жана мунайзатты кайра иштетүүчү жаңы заводдорго ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн чийки мунайзатты жеткирүү көйгөйлөрүн чечүү); 5) электр энергетикасына оорчулукту төмөндөтүү үчүн региондорду жылуулук менен ишенимдүү камсыз кылуу; 6) чакан ГЭС, күн нурундагы жана шамал станцияларын куруу, биогаз орнотмолорун колдонууга киргизүү, тиешелүү объекттер жана калк топтолгон райондорду электр жана жылуулук менен камсыздоо үчүн геотермалдык булактарды пайдалануу; 7) негизги энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү иштешин жогорулатуу жана энергетикалык тармакты башкаруу системасын оптималдаштыруу; 8) өлкөнүн энергетикалык сектору үчүн бөлүнгөн кредиттик каражаттарды өз убагында өздөштүрүү. Суу ресурстарын пайдаланууда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат; 1) Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясын жана Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу; 2) суу ресурстарына адамдын, экономиканын, коомдун жана мамлекеттин керектөөсүн ишенимдүү канааттандыруу; 3) суу ресурстарын, анын ичинде иштеп жаткан суу сактагычтарын колдонуу жана жаңыларын куруу, ошондой эле сугат сууларды пайдаланууда жаңы технологияларды колдонуу жолу менен пайдалануунун натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун жогорулатуу; 4) суу объекттеринин белгилүү бир шарттарда зыян жана залал келтириши мүмкүн болгон өзгөчөлүктөрүнөн, ошондой эле антропогендик жана табигый жагымсыз көрүнүштөрдөн жана суунун табигый касиеттери менен шартталган процесстерден мамлекеттин жана коомдун корголуусун жана жашоого маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылуу; 5) суу ресурстарынын тартыштыгын болтурбоо боюнча чараларды көрүү; 6) суу ресурстары жетишсиз болуу тобокелдигине жана климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптацияланууга мамлекеттин туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү. ## 6.7. Азык-Түлүк Коопсуздугу Кыргыз Республикасы тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрү менен өзүн-өзү жетиштүү деңгээлде камсыздай албайт. Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун абалына импортко көз каранды болгон учурда баа берүү көрсөткөндөй, азыркы учурда ал кризистик деңгээлде турат. Азыркы учурда өздүк өндүрүүнүн эсебинен өлкөнүн негизги тамак-аш азыктары менен камсыз болуу деңгээли төмөнкүнү түзөт: нан азыктары боюнча - 42,8%; өсүмдүк майы боюнча - 31,7%; шекер боюнча - 9,1%; эт боюнча - 56,4%; мөмө-жемиштер боюнча - 21,8%. Бул өлкөнүн дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы конъюнктурадан, ошондой эле Кыргызстанга азык-түлүктү экспорттоочу мамлекеттердин тышкы соода саясатынан өтө көз каранды болуу коркунучун жаратат. 2020-жылы өлкөдө азыктардын адамга орточо суткалык калориялуулугу 2271,8 ккал түзгөн. Региондор боюнча өтө жагымсыз кырдаал Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында түзүлгөн, алардын жашоочуларынын саны 1 млн. 799,1 миң адамды түзөт. Азыркы учурда тамак-ашка үй чарбаларынын адамга орточо чыгымдары белгиленген минимумдук ченемдерден төмөн. Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн начардыгы сапаттуу тамак-ашты калктын басымдуу бөлүгүнө экономикалык жеткиликсиз кылууда. Балдардын, жаштардын жана аялдардын тамак-ашка муктаждыгын эске алуу жетиштүү деңгээлде эмес. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү боюнча чараларды ишке ашыруу тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөйт. Ведомстволордун ортосунда өз ара аракеттенүү жана так координациялоо жок, тапшырып берилген аймактарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пассивдүү ролу байкалууда. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги чакырыктарга жана коркунучтарга төмөнкүлөрдү кошумча келтирүүгө болот: - калктын өсүшүнүн жогорку темптерине салыштырмалуу бүтүндөй экономиканын өсүш темптеринен айыл чарбанын өсүшүнүн темпи төмөн; - ата мекендик айыл чарба өндүрүшүнүн төмөн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана өндүрүмдүүлүгү; - айыл чарба багытындагы сугарылуучу айдоолордун жана түшүмдүү жерлердин аянттарынын кыскарышы; - тамак-аш азыктарынын зарыл болгон стратегиялык запастарын жайгаштыруу жана сактоо үчүн натыйжалуу жана заманбап кампа жана логистикалык инфратүзүмдүн жоктугу; - тамак-аштын базалык азыктарынын импорттук жеткирүүлөрүнө көз каранды болгондуктан улам тамак-аш азыктарына баалардын жогорку өзгөрмөлүүлүгү; - айыл чарбаны өнүктүрүүгө берилүүчү кредиттердин бийик пайыздык ставкасы, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу фермерлерге жана ишканаларга мамлекеттик колдоонун жетиштүү эместиги. Республиканын азык-түлүк коопсуздугу тышкы кризистерге жана өзгөрүүлөргө аялуу катары мүнөздөлөт. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл: 1) мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ортосунда контролду жана координациялоону жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугунун абалына системалуу талдоо жүргүзүү, ал үчүн келип чыгуучу тобокелдиктерди жана коркунучтарды өз учурунда божомолдоо; 2) өндүрүштү техникалык жапа технологиялык кайра жабдууга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун жана сапаттын эл аралык стандарттарына өтүүнүн эсебинен айыл чарба продукциясынын жана аны кайра иштетүүнүн продуктуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; 3) айыл чарбаны каржылоо жана кредиттөө жаатында мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу; 4) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу мамлекеттик ишканалардын ишинде жаңы мамилелерди колдонуу, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервде азык-түлүк запастарын жана башка номенклатуралык товарларды дайыма толуктап туруу; 5) айыл чарбасында импортту алмаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 6) жер жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 7) бургулоо системасын реабилитациялоо жана алардын жабдууларын модернизациялоо жолу менен айыл чарба жерлерин мелиорациялоону өнүктүрүү, айыл чарбанын муктаждыктары үчүн жаңы скважиналарды бургулоо; 8) заманбап технологиялардын негизинде айыл чарба сырьесун терең комплекстүү энергия жана ресурс үнөмдөөчү кайра иштетүүнү камсыз кылуучу жаңы технологияларды жана жабдууларды колдонууга киргизүү; 9) асыл тукум мал чарбасын, өсүмдүктөрдүн селекциясын, үрөн өстүрүүчүлүктү жана балык өстүрүүнү, комбикормдун өндүрүшүн, кайра иштетүү өнөр жайын илимий сыйымдуу мамилелердин жана инновациялык чечимдердин негизинде өнүктүрүү; 10) аймактын өзгөчөлүгүн жана айыл чарбада мал башынын санын эске алуу менен жайыт жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу; 11) айыл чарбасына арналган жерлердин түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана жогорулатуу, алардын аянттарынын кыскарышын болтурбоо, ошондой эле болгон аянттарды сарамжалдуу пайдалануу; 12) суу жана шамал эрозиясынан жана чөлгө айланууда айыл чарба жерлерин коргоо жана сактоо. ## 6.8. Маалыматтык Коопсуздук Дүйнөнүн өнүгүүсүнүн заманбап этабы маалыматтык коопсуздуктун абалына түздөн-түз таасир тийгизет. Маалыматты түзүү, кайра өзгөртүү жана керектөө менен байланышкан мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коомдун институттарынын ишинин негизги компоненттеринин бири болуп саналган маалыматтык мамилелердин ролу утурлап өсүп жатат. Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жашоонун бардык чөйрөлөрүнө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ар тараптуу колдонууга киргизүүнүн жана колдонуунун аныктоочу фактору болуп калды, бул болсо маалыматтык коопсуздук маселелерин чечүүгө жогорку талаптарды коёт. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө орун алган көйгөйлөр жана потенциалдуу коркунучтар азыркы дүйнөдө өтө олуттуу чакырыктардын катарына кирет жана жөнөкөй адамдарга, бизнеске, мамлекеттик органдарга гана эмес, бүтүндөй мамлекетке каршы багытталган. Азыркы учурда маалыматтык коопсуздуктун абалынын чечүүчү көйгөйлөрүнүн бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: - маалыматтык мейкиндикти укуктук жана техникалык жөнгө салуунун корголбогону, контролго алынбаганы жана жетишсиздиги; - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кылмыштуу максаттарда колдонуу; - трансчектеш маалыматтык кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттин жоктугу, интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагына маалыматты жайылтуунун уюштуруучуларынын ишин контролдоонун татаалдыгы; - субъекттердин маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө зыяндуу жана кооптуу контенттен жарандардын жекече жана массалык аң-сезиминин корголбогону, террористтик жана экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү тарабынан Интернет тармагынын колдонуучуларынын пикири менен манипуляциялоо; - маалыматтык коопсуздук, маалыматтык саясат жана мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды даярдоо деңгээлинин жетишсиздиги; - критикалык маалыматтык инфратүзүмдү коргоо үчүн чет өлкөлүк техниканы жана программалык камсыздоону колдонуудан Кыргыз Республикасынын көз карандылыгын күчөтүүчү башка мамлекеттердин технологиялык ажырымынын көбөйүшү; - эскирген техникалык түзүлүштөрдү жана жабдууларды эксплуатациялоо, импорттук техникалык жана программалык-аппараттык каражаттарды, ошондой эле өздүк маалыматтык инфратүзүмдү түзүүдө жана өнүктүрүүдө маалыматты коргоо каражаттарын сатып алуу; - ченемдик укуктук базанын өнүкпөгөнү, укук колдонуу практикасынын жетишсиздиги жана маалыматтык мейкиндикти талдоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик системасынын жоктугу; - Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы калкка чектеш мамлекеттердин теле жана радиоканалдарынын тийгизген таасири. Маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын алдын алуу жана болтурбоо, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу улуттук системасын түзүү, маалыматтык түзүмдүн бүтүндүгүн сактоо жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо максатында бул чөйрөдө кандай болбосун укукка каршы аракеттерге ыкчам жооп кайтаруу жана натыйжалуу каршы аракеттенүү зарыл. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун максаттарына жетишүү төмөнкүдөй милдеттерди чечүү жолу менен ишке ашырылат: 1) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 2) Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун коркунучтарына комплекстүү каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндө бийлик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоо; 3) бул чөйрөгө тиешелүү болгон укуктук, методикалык, илимий-техникалык жана уюштуруучулук жактан камсыздоо иштерин өнүктүрүү жана өркүндөтүү; 4) байланыш тармагын, анын ичинде согуш мезгилинде жана өзгөчө кырдаалдарда үзгүлтүксүз, туруктуу жана коргоп эксплуатациялоону камсыз кылуу; 5) интернет тармагында маалыматтык коопсуздукту жана андагы анык маалыматты жүгүртүүнү камсыз кылуу; 6) мамлекеттик электрондук маалымат ресурстарынын, маалыматтык системалардын, маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдүн жана маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдүн өтө маанилүү объекттеринин корголушунун деңгээлин жогорулатуу, алардын туруктуу иштешин жана чет өлкөлүк технологиялардан жана жабдуулардан көз карандысыздыгын камсыз кылуу; 7) чет мамлекеттерге жана ар кандай уюмдарга маалыматтык коз каранды болууга жол бербөө; 8) маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын аныктоо жана алдын алуу системасын өркүндөтүү, тобокелдиктерди жана кесепеттерди өз учурунда жоюу; 9) маалыматтык ресурстарга бузукулук маалыматтык-техникалык таасир тийгизбөө; 10) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалуучу укук бузуулардын натыйжалуу алдын алуу жана ыкчам аныктоо/бөгөт коюу үчүн шарттарды түзүү; 11) мамлекеттик жашырын маалыматты жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды, ошондой эле персоналдык маалыматтарды түзүүчү маалыматтардын сыртка чыгуусу жана жоготулушу үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү; 12) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын маалыматтык коопсуздугун күчөтүү; 13) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыктын механизмдерин өнүктүрүү жана өркүндөтүү; 14) маалыматтык тирешүүнүн күчтөрүн жана каражаттарын өнүктүрүү, ошондой эле алдынкы технологияларды колдонуунун негизинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун ыкмаларын өркүндөтүү. ## 7. Концепцияны Ишке Ашыруудагы Чакырыктар Жана Тобокелдиктер Концепцияны ишке ашырууда негизги тобокелдиктер болуп төмөнкүлөр саналат: 1) улуттук коопсуздуктун абалына изилдөөлөр байма-бай жүргүзүлбөгөндүгү; 2) акыркы жана олуттуу натыйжаларга жетишүүгө багыт алуусуз, Концепцияда чагылдырылган иш-чараларды формалдуу, толук эмес, өз учурунда эмес же так эмес аткаруу; 3) Концепцияда чагылдырылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө так эмес же анык эмес маалыматтарды алуу, бул болсо башкаруучулук ката чечимдерди кабыл алууга алып келиши мүмкүн; 4) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде айрым мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО жетекчилеринин мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кабардар болуусунун жетишсиздиги; 5) бузукулук маанайдагы адамдардын жана уюмдардын кабыл алынып жаткан чечимдерге бүлдүрүү ишин жүргүзүүгө багытталган иши, ошондой эле саясий жана кызмат адамдарынын чакан топторунун каршы туруусу; 6) башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринин бирдей жеткиликтүү эместиги, саясий институттарга жана мамлекетгик бийлик органдарына ишенимдин төмөн деңгээли; 7) Концепцияны натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн финансылык, кадрдык же башка ресурстардын жетишсиздиги. ## 8. Корутунду Жоболор 8.1. Улуттук Коопсуздукту Камсыз Кылуу Боюнча Ишти Каржылоо Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишти каржылоо программалардын мазмунуна жана масштабына, өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө жана алардын кесепеттерине жараша Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. ## 8.2. Концепцияны Ишке Ашыруу Механизмдери Концепция бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер, катышуунун мамлекеттик үлүшү бар компаниялар, саясий партиялар, жарандык коомдун институттары жана жарандары тарабынан ишке ашырылат. Бул Концепция Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү стратегиялык пландоонун тармактык, ведомстволук жана региондук документтеринин негизинде ишке ашырылат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын ар бир чөйрөсүндө корголуучу объекттердин спецификасына жана алардын тышкы жана ички чакырыктарга жана коркунучтарга аялуулук даражасына байланышкан өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мындай объекттерде улуттук коопсуздуктун натыйжалуу системасын камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар тарабынан ички ведомстволук атайын концепциялар, стратегиялар, доктриналар, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү программалар жана иш-чаралардын пландары иштелип чыгууга жана ишке ашырылууга тийиш. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу саясатын укуктук жактан камсыздоону өркүндөтүү каралып жаткан жаатта мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу көйгөйлөрүнө талдоо жүргүзүү, аларды чечүүнүн сарамжалдуу жолдорун аныктоо, ошол жөнгө салуунун конкреттүү багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо каралган мамлекеттик органдардын, ЖӨБО тиешелүү иш пландарынын негизинде ишке ашырылат. Бул иштерди жүргүзүү ведомстволор аралык мамлекеттик тиешелүү максаттуу программалардын негизинде ишке ашырылышы мүмкүн. Улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши ага бөгөт коюу үчүн зарыл болгон сунуштарды иштеп чыгат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын жана стратегиясын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук стратегиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясынын негизинде иштелип чыгат, орто мөөнөттүү мезгилге эсептелет жана өзүнө улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарды жоюуга жана алардын алдын алууга багытталган практикалык чаралардын комплексин камтыйт. Стратегия ошондой эле улуттук коопсуздукту, анын ичинде тышкы жана ички саясатты, коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттерди жана иштин багыттарын тактоочу тармактык, ведомстволук жана региондук программаларды (доктриналарды жана концепцияларды) жана пландарды иштеп чыгууну карайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук стратегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет жана тышкы жана ички кырдаалдын тез өзгөрүшүнө, улуттук коопсуздукка тигил же бул коркунучтардын пайда болушуна байланыштуу кошумча өзгөрүлүшү же толукталышы мүмкүн. ## 8.3. Концепциянын Ишке Ашырылышын Контролдоо, Баалоо Жана Мониторинг Жүргүзүү Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуулугу улуттук коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарын түзүүчү ички жана тышкы жагдайда өзгөрүүлөрдү өз учурунда аныктоого, кризистик кырдаалдын кесепеттерин өз учурунда алдын алууга же минимумдаштырууга улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын жөндөмдүүлүгү менен улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана ишке ашыруу боюнча максаттуу иш жүргүзүү менен айкалышууда жетишилет. Бул Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, жеке жана коомдук уюмдардын, кеңири коомчулуктун күч-аракеттерин консолидациялоонун деңгээлине көз каранды болот. Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн анын жүзөгө ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баа берүү маанилүү. Мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасы так жол-жоболорго жана методикаларга негизделиши керек, ал эми алардын практикада ишке ашырылышы укук колдонуучу чаралар менен камсыздалууга тийиш. Бул система жылыштарга байкоо жүргүзүү, натыйжаларын талдоого алуу жана түзүлүп жаткан кырдаалга алардын таасирин баалоо үчүн маалыматтарды топтоого жана талдоого мүмкүндүк берет. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалга карата жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын тийгизген таасири так багыттардын жана көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) жардамы менен өлчөнүшү керек. Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруунун жүрүшүн жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча доктриналардын, концепциялардын, программалардын жана пландардын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жана анын катчылыгы тарабынан ишке ашырылат. Концепцияны ишке ашырууга жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган бардык мамлекеттик органдар мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин алдында тиешелүү чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун абалы, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн багыттары жөнүндө отчет берип турат.